Monday, 19 December 2011

Демократия жетимсиреди

Чехия аза күтүп жатат - демократиянын атасы, коммунисттик оккупацияга каршы уюштурулган "баркыт ыңкылабынын" негизги лидери Вацлав Гавел узак оорудан соң көз жумду...

Менин жашоомдо соңку 10 жылдан бери "Азаттык" радиосу канчалык чоң орунду ээлеген болсо, анын чех жеринде иштеп калышына, демократия башат алган жерлердин биринде байыр алышына Гавелдин салымы да ошончолук чоң болгон.
Кечээ кечинде колдоруна шам чырактарды көтөргөн прагалыктар борбордук аянтка чогулуп, Гавелди эскерип жатышты... Мен ал жерде бүгүн да эл таркабай турганын көрдүм. Чыныгы элдик лидердин өлүмүнө эл чындап кайгырып турду.

Monday, 24 October 2011

Менин Москвам (сурот-баян)

Жакында эс алып Москвада болдум. Эсинерде болсо, мен бир нече жыл мурда "Менин Орусиям" деген фото-баян жасаган элем. Быйыл сентябрда болгондо ошону улантууну чечтим. Мен билген Москва кандай озгорду? Мына ушул жердеги суроттордон коргуло. 

    
   

Буга чейинки "Менин Москвам" фото-баяндар:

Friday, 14 October 2011

Баткендик килемчи

Баткендик килемчи Кибирахан Туйгунова кыргызстандык кол өнөрчүлөргө кеңири таанымал. Мен жакында анын үйүндө болуп, килемчинин эмгектери менен таанышып келдим. Аны менен интервью-сүрөттөрүмдү көргүңөр келсе, бул жакка киргиле.

Tuesday, 11 October 2011

Меланхолия

Бүтпөгөн кансыз согуштун
өзүндө өмүр агылат.
Түпкүрүн өрттөгөн жүрөктүн
үнүңдө түмөн ый катылат.

Эски эмес, жаңыдан жаралган
Ал сезим калп беле жаңылткан?
Кападар кайрыкка үндөшө,
өзүңө окшошуп бараткам.

Сөзүмдө чекиттер көбөйдү...
Көзүңдө күйгөн ышк өчкөнсүйт.
Жолубуз бөлүнсө бир күнү,
ааламда чырактар өчөт бүт...

(Прага.2011)

Sunday, 9 October 2011

Кадимки күн

Кадимки күн,
Кадимки сөз, илептер.
Алыста барат поезд.
Баратат учуп ак түтүн.

Жалгыздык – жалган.
Жалгыздык - арман,
Жалгыздык сараң...
Эстетет баарын, а неге
атпайт таң?

Ноябрь беши.
Кайрылып келбейсиң эми,
Ортодо калат үшкүрүк.
Тозоктон эмес, сезимим бар
бейиштен кийинки...

Кадимки түн,
Кадимки көз жаш, бакыт - күң.
Ыраазы боло бил
ааламда
сендей бир башка бар үчүн.

(23.06.2011. Прага)

Friday, 10 June 2011

Кудай кошкон кошуна

Бул куру сөз эмес. Мен тай-тай басып, нанды “нана” деген кезимде биз Лейлектин борбору Исфанага көчүп келдик. Үйүбүз сегиз бөлмөлүү “орустун узун үйлөрүнөн” эле.

Чыгыш жагындагы эшигинде Момунжан ака менен Гүлнара апа Дилфуза, Толкун, Шухрат деген балдары менен жашашчу. Батыш жагынан биздин үйдүн эшиги ачылчу. Бирок эки үй-бүлөнү бир шыйпырдын астында 17 жыл баккан бул үйдүн эки учун бири-биринен бөлгөн тосмо жок эле.

Ошол муштумдай кезимде досторумдун кимиси кыргыз, кимиси өзбек экенин деле жакшы аңдаган эмес экенмин. Балалыктын ал дүйнөсүндө улут-улут болуп бөлүнүү жат болчу.

(Уландысы бул жакта)

Wednesday, 25 May 2011

Африканын жарандык поэзиясы


“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында мен Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баяндадым.

Friday, 29 April 2011

Каныкей эки жашта

Ааламды кучагыма бир кысчудай,
Башкача сезимдерге толуп турам.
«Жалт» жанчу күлүңдөгөн көзүн карай,
Жандан жан жаратып ток болуп «уям».

Артта эми өзүмдү-өзүм табалбаган,
Нечен түн караңгылык, жүрөк кири.
Бүт дүйнөм бөлөнгөндөй шыңгыр үнгө,
Бар дүйнөм турбас анын бир тал кирпи.

Tuesday, 26 April 2011

Photo-report: Балалык менен жолугушуу

Мен жакында үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып келдим. Акыркы жолу мекенимдин абасын жутуп, нанын жеп, ажайып кооз тоолорун көргөнүмө, эч тойбос суусунан ичкениме дээрлик эки жыл болуп калган эле. Айылда ата-энемди көрүп, бир жыргадым.
Лейлектин Көк-Таш айылында кайын журтум жашайт. Ал жерде жубайым экөөбүз чыгып, айылдын жаш балдары менен чана тептик!!! :) Эми бул жакта экөөлөп тартып калган сүрөттөрдөн отчет-баянды көргүлө.
8-класстын окуучусу Нурсултандын чыгармачылыгы - коньки! Мындай конькини мен көрө элек болчумун. Айылдагы жаш балдар, чоң шаарлардагылардан айырмаланып, кымбат баалуу спорт-дүкөндөрүнө бара алышпайт, профессионалдык коньки, лыжа сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жок десе, жок экен деп отура бербей, өздөрү телевизордон көргөнүн жасап алышкан.



Балдар баары чурулдашып, мага конькини кантип кийип, кантип тепкенди көрсөтүп жатышат. Мен бир аракет кылып көрдүм, болбоду - практика жетишпейт экен :)


Балдар катарга туруп алып, баары бирдей чанага жыгылышат. Менин эле балалыгым!

Эң мыкты чаначылар

А силер качан акыркы жолу чана тептиңер эле?

У.Дэниэлс: Мени адамдын тагдыры кызыктырат


Кандай гана илдет болбосун, анын жузу дени сак адамга жат, чоочун, трагедиялуу корунот... Озгочо жаш балдар оорубасын... Бирок андан кача албайт экенсин.

Мындан 4 жыл мурда дуйнодо ар бир 30 секундада бирден жаш бала безгектен (малярия) коз жумуп турган. Олгондордун копчулугу Африкада.

Уиллиям Дэниэлс ошол безгектин курмандыктарын, алардын омурун сактап калууга жасалып жаткан аракетти фото пленкага жаздырып, тартып жургонуно коп болду. Мына бул жердеги суроту учун ал учурунда дуйнодогу фотожурналисттердин эн абройлуу сыйлыгын да уткан эле.

Франциялык бул фотожурналист менен мен алгач Кыргызстан эки ирет (ал туберкулезду, эки ынкылапты, экологиялык оор абалды тарткан) жолуккам. Кийинчерээк Парижде коруштук. Анан кечээ Безгекке каршы курошуунун дуйнолук кунундо ага Парижге телефон чалдым. Чарчанкы суйлоду. Граждандык согуш болуп жаткан Ливиядан эми эле келген экен, оор сапар болду дейт. Аны менен интервьюну бул жерден окугула.

(Суротто: Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү менен дарыланбаган пашаканада отурат, William Daniels/Panos Picture)

Tuesday, 29 March 2011

Жаштарды айылга чакырган эне


Мен жакында эс алганы Лейлекке ата-энеме барып келдим. Күн аябай суук болду. Ал жактын эли кыйынчылыктарга карабай, бир топ эле оокатын оңдоп алыптыр. Мал багып сатуу өзүнчө бир чоң бизнеске айланып кетиптир. Жакшы саан уйду эки жыл мурда 15 миң сом болот деп уккан элем. Быйыл 50 миңден сатышат экен - жагымдуу таң калтырат :)

Малдын баарын тажиктер алып кетишет экен. Ал жакта өздөрүнүн элине этин сатабы, же андан ары Иранга айдайбы - аны териштире албадым. Бирок андан жергиликтүү эл бир топ пайда көрүп жаткан экен.

Мына ошондой энелердин бири Бүайлар Сулайманова менен Көк-Таш айылында маектешкен элем. Аны "Азаттыктан" кеңири окуп, уксаңар болот. Отчетум ушул жерде :)