Skip to main content

Posts

Showing posts from May, 2009

Саламат Садыкова: Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү

Кыргыздын оюн дүйнөгө Чыңгыз таанытса, үнүн Саламат Садыкова чыгарып келет. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова улут абийири, кыргыз жаштары, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан ажар белгилер жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү. Саламат Садыкова: “Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман” деп коюшат. Өз киши күйдүрүп айтат. Албетте, биздин мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандыгы үчүн баарыбыз бактылуу эл экенибизди жакшы билебиз. Кыргыз эли дээрлик 20 жылдай убакыттан бери кандай кылсак, жакшы жашайбыз деген суроонун үстүнөн ойлонуп келатабыз. Азыр эл башына моралдык жактан өздөрүнүн бийик касиеттери, “Эл”, “Кыргызстан” деп, эртеңки тарыхыбыздын камын жеген аткаминерлер келиши керек. Анткени жаш урпактарга биз эмнени калтырабыз, бизден эмне осуят, кандай касиет калат дегенге баш катырган жетекчилер жетишпейт. Мен азыр “бул жакшы, тиги жаман” деп айта албайм. Бирок кыргыздын бешенеси азыр жүрөгү таза, көөдөнү кенен, үй-бүлөсүн же тууган-уругун эмес, бүтүн кыргыз элин, Кыргызстанды сү