Skip to main content

Posts

Showing posts from June, 2009

Дамир Акматов: Балдардын жан дүйнөсүн бага албай калдык

Баланын руханий жактан өсүп жетилишине эстетикалык дарстардын мааниси зор. “Билген адам жердин сулуулугун билими жок такыр көрбөгөн жерден көрө алат” деген орус жазуучусу К.Паустовский. Соңку жылдары Кыргызстандагы мектептерде музыка, сүрөт сабактарына такыр көңүл бурулбай калды. Абалдан кантип чыкса болот? Кыргыз билим берүү академиясынын эстетикалык сабактар лабораториясынын ага илимий кызматкери Дамир Акматов “Азаттык” менен ой бөлүшөт. Дамир Акматов: Советтер Союзу таркагандан бери Кыргызстанда музыка, сүрөт сабактары боюнча мектептер үчүн бир да окуу китеби басыла элек. Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан чыгып жаткан китептерди көрүп, ичиң күйөт. Бизде ал боюнча даяр китептер бар, бирок, кажаттын жоктугунан улам, чыкпай келет. Окуу китеп болбогондон кийин кандай билим берүү жөнүндө сөз кылабыз? Андан сырткары, жылдан жылга бул тармактарда окуу жайларга студенттерди кабыл алуу кыскарып баратат. Мектептерде эстетикалык предметтерге бөлүнчү сааттар азайды: жумасына болсо, бир жолу бол