Skip to main content

Posts

Showing posts from July, 2009

Биздин “мичурин”

Ойлосом, мен мурда тай агам менен көп деле сүйлөшчү эмес экем. Балалыгымдан эсимде калганы – анын колуна кетмен көтөрүп, таштак бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, оордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", керели-кечке жылдан-жылга бакты караганы... Башынан калпагын түшүрбөй, жакасын жайлата ачып, кетмен көтөргөн кишинин мына ушул образы көз алдымда мөөрдөй сакталып калган тура. Бир топ жыл четте жүрүп, кайра тагам менен жолукканы анын жанагы таш баскан жанасына келдим. Көргөн көзүмө ишене албай, көкүрөктү бир жагымдуу чымчылай, көздөрдү тойгуза алгыс бир сезимдер курчап турду - бопбоз талаанын оордуна чыныгы бейиштин төр багына келгендей болдум: айлана жапжашыл, алма десең бойго жеткен кыздын үрпүндөй тырсыйган мөмөлөрү шагын сындыргыдай салыптыр, өрүк десең чыныгы дефицит сортко айланган кандек, мурсанжалинден берки Баткенде сейрек кездешип калган өрүктүн күн нурунун чек

Илхамдын очогу

Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлек районунда ушундай бир "бейиш жерлер" бар. Акын Курбаналы Сабыровдун ырларында көп кездешкен Козу-Баглан дайрасынын шар үнүн, жээктеги чөптүн ташка айткан сырын угуп, бул жердеги тоолор нечен кылымды карытып жатат... Жогорудагы сүрөттөгү жерди менин ыраматылык тайэнем "Апак" деп атап койчу. Бу жердеги боз адырлар этегин көрсөткүчү жок... Мен ушундай жерлерди көргөндө, чынын айтсам, сүрөтчү иниме кызганып кетем. Бул - Лейлектеги Белес айылына бараткан жолдогу көрүнүш - атамдын сүйүктүү жери, акын үчүн илхамдын чыныгы уюгу Мына бул жерге мен дайыма келгим келе берет. Катраңдан Өзгөрүш деген айылга кирип бараткан жол. Чындап эле ушул жерде аалам "өзгөрөт"... Белестин түрүлгөн билеги :) Мен бүгүн силерге өзүмдүн эң сүйүктүү жерлеримдин бирин көрсөттүм. Сүрөттөр да өзүмдүкү. Эми силер да Кыргызстанда өзүңөрдүн сүйүктүү жерлериңер менен бөлүшпөсөңөр болбойт го? :)

Кыргызстан келечегин тандоого даярбы?

Эртең Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага алты талапкер катышып жатат. Баары эле мыйзам бузуулар көп болот, дагы эле азыркы президент Курманбек Бакиев шайланат дешет. Билбейм... Канткен күндө да, мунун баарын - добуш берүү кандай өткөнүн - эртең "Азаттыктан" бишкек убактысы боюнча 21:00-22:00 чейинки бир сааттык түз ободогу программада айтып беребиз. Аны мен алып барам. Көптөгөн кызыктуу талкуулар, интервьюлар, облустардагы кабарчылардан түз ободо маалымат болот. Укканга аракет кылгыла :) Акыркы күндөрү блогго дээрлик эч нерсе жазбай калганым да убакыттын жоктугунан. Кечирээрсиңер. Кантсе да мамлекет үчүн "жөнөкөй эмес күндөрдү" баштан кечирип жатабыз. Кимди караба "Мен шайлоого барсам-барбасам, Ак Үйдөн кандай команда болсо, ошол президент болот да" дешет. Адамдарда шайлоого карата ишеним өчүп калгандай. Чын эле ошондойбу же бул болгону жалган эле сезимдерди? Өз оюңарды айткылачы.

Праганын сулуулары

Прагада быйыл жай суук болуп жатат. Күн да жакшы ачылбайт. Влтаваны бойлой сүзүп жүргөн ак куулар да буга бир аз капа болуп тургандай сезилди. Бирок өздөрү "сүйүүнүн символу" экенин билишеби, айтор, дарыянын жээгинде жүргөндөргө мээримин аяшкан жок.

Коштошуу

Бүгүн ал кетсе дагы алыс жакка, Дарактар ийилбеди, булак да ыйлабады. Асманда канча доордун күбөлөрү Жылдыздар жерге ок да атышпады. Бүгүн ал алыстарга кетсе дагы, Көөдөндү чымчыбады эч бир сезим. Кагылбай калган өңдүү комуз кылы, Кош болгун, күлгүн, тентек жаштык кезим... Прага 2009.