Skip to main content

Posts

Showing posts from December, 2009

Жаны жылыныздар менен!

Улуттун урку тилинде

Азыркы кыргыз журналистикасы, чынында, оор мезгилди баштан кечирип жатат. Кыргызча басылчу кайсыл гезитти, журналды ачпаңыз, кайсыл теле-радиону укпаңыз, кабарчылардын тилинен толгон-токой катаны табасыз. Бул иренжитет, кыйнайт, ойлонтот... Тилдин тазалыгы эмнеден башталат? Бул суроону биз белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен көп талкуулайбыз. Ошол талкууга силер да кошулгула. Сөздү үтүрдөн (,) баштайлы. -- ҮТҮРДҮН ҮЛКӨН ЖҮГҮ - Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү? - Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи… - Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер. - Анда башта… - Күүнүн башы Камбаркан дегендей, сөздү ушу үтүр-чекиттен баштайлы деп сунуш кылат элем. Тыныш белгилери эмне үчүн керек? - Муну эми баары эле билет, б