Skip to main content

Posts

Showing posts from February, 2010

Вино?

Мен кээде озумо такыр муноздуу эмес темалар боюнча жазгым келип калат. Анан жазам. Башка бир учурларда озумо кызыксыз темалар учун жазууга мажбур болом, кыйналам. Бирок жазам. Бул тема мага кызыктуу, бирок мен учун жаны нерсе болду - вино! Аны ичкенди билгеним менен эксперттин денгээлинде жакшысын начарынан ажырата алчу эмесмин. Томондогу бул макаланы "Азаттык" учун даярдап журуп, вино тандоо боюнча адис болуп калдым окшойт :) Адис болуп калганым макаладан сезилеби? Окуп, угуп коргуло да, оюнарды айткыла. P.S. Айтмакчы, угуш учун ошол беттин он капталын карасанар "Угуу" деген жери бар. Ошол жерден уккула.

Тилдеги жаңы-эски сөздөр

Биз журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндө талкууну улантабыз. Маектин буга чейин бөлүгүн мына бул жерден окуңуз : Анан төмөндө маектин уландысын окугандан кийин, өзүңүздүн пикириңизди да калтырууну унутпаңыз. Кыргыз журналистикасында кыргыз тили кандай колдонулуп жатканы жөнүндө Эсенбай агайга суроо болсо, жазгыла. Келеркисинде жооп алганга аракет кылам. ... - Бирок эски сөздүктөрдүн азыркы практикага пайдасы тиеби? Азыр заман башка, доор башка, алардан көрө учурга ылайык сөздүктөрдү чыгарышпайбы деп айтчулар да табылышы ыктымал. Буларда баарыдан мурда сөз жатат, сөздү аңтарсаң тарых чыгат. Кашгариде, маселен, отуз чакты элдин аты аталган, алардын арасында башгирт, хыргыз, уйгур, хытай бар, калгандары азыр жок. Ал эми орхон-енисей жазмаларында азыркы биздин тилдеги сөздөр жайнап жүрөт, айрым сөздөр, атүгүл айтымдар ошол формасынан бузулган эмес: түн, күндүз, үчүн, кара теримди төктүм, кызыл канымды жүгүрттүм ж.б. Ушундан улам аларга салыштырып, кыргыз сөздөрү кантип өзгөр