Skip to main content

Posts

Showing posts from May, 2010

Кыргызстандын келечегине тынчсызданган чех

Жакында мен Прагадагы кадимки эле дүкөндөрдүн биринде кызыктуу бир адам менен таанышып калдым. Биз жубайым, кызым менен кассага кезекте турганбыз. Артыбызда бир чех аксакал аялы менен турушкан. Көңүл деле бурган эмесмин. Кызымды колума көтөрүп алган элем. Бир жашка да чыга элек Каныкей чоң-атасын эстеп кеттиби, айтор, ал кишиге жылмайып, ойной баштаган... :) Сүйлөшө кеттик. Ал чехиялык журналист болуп чыкты. “Азыр пенсиядамын”, - дейт. Биз Кыргызстандан келгенибизди угуп, туура жарым кылым мурда (!!!) Ысык-Көлгө барганын, кыргыз тоолорун дүйнөдөгү эң кооз деп билээрин айта баштады. Көрсө, бул аксакал Ян Петранек Чехиядагы эң абройлуу ветеран-журналисттердин бири экен. Өлкөдөгү негизги телеканал, радио, гезиттер ага дайыма дүйнөдөгү тигил же бул окуяларды комментарийлеп беришин сурап турушат. 1960-жылдары Чехия мамлекеттик радиосунун СССРдеги, Кытай, Индия, Вьетнам, Ооганстандагы кабарчысы болуп жүрүптүр. “Чыныгы эларалык журналист”, - деп ойлоп калдым. Анан Кыргызстанда жакында апрель