Skip to main content

Posts

Showing posts from November, 2012

Маанай

Ооба. Маанай ушундай. Ноябрь ушундай. Болду.

Шахтадагы балалык

Быйыл жайында Сүлүктү көмүр кенине бардым. Менде бир гана максатым бар эле - ал жерде иштеген жаш балдарды табуу! Көпкө жүрдүм. Ал үчүн ар кайсыл шахтанын ээлери, чиновниктер (алар эми, билесиңер да, бүт жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет кыла беришет) менен кечке кыдырдым. Акырында кеч кирерде көңүлүм чөгүп, "Бекер эле келген экем, бул жактан эч нерсе жаза албайм", - деп турсам эле арыраак жакта ойноп жаткан бадар көрүнө калды. 5-6-класстын балдары болсо керек деп ойлодум. Колумда фотоаппарат, диктофон, күн ысык, бетимден, мойнуман бери тер агат. Мен балдарды карай чуркадым! ( Андан аркы окуя бул жакта ) Арадан эки ай өтүп, "Азаттыкта" ал балдар жөнүндө материал обого берилгенден кийин Кыргызстанда көмүр кендеринде иштеген балдардын абалы иликтене турган болду. Муну мага кийин Кыргызстандагы Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова жазып жибериптир. "Азаттыктын" өзүндө болсо бул макала 28 тилдин ичинде "Мыкты радио макала&

"Менин экинчи үй-бүлөм"

2001-2007-жылдары мен Москвада жашап калдым. Алгач окудум, анан "Азаттыкта" иштей баштадым. Мигранттар жөнүндө көп жазганга туура келди. 2002-жылдары эми гана радиодо ишимди баштаган чакта Москвада бүгүнкүдөй жайнаган кыргыз жок болчу. Бирок бир квартирада 20-30 адам жашаган көрүнүш ошондо эле башталган... Көп адам (эркек-аялы аралаш) бир бөлмөдө уктайт деген эмнени билдирет? Дал ошонун кесепетиби же алыста бала-чакаңды аялыңды калтырып, өзүң орустун шаарына келгенде "эркиндиктин" даамы башкача боло калабы, айтор, башка аял алган же эрге тийген кыргыз мигранттары көбөйдү. Ошондой үй-бүлөлөрдүн бири жөнүндө  мына бул жерде баяндадым. (Photo by Aida Kasymalieva)