Skip to main content

Posts

Showing posts from April, 2013

Футболго убакыт табылат!

Лейлектин борбору Исфанада курулган мини-футбол аянтчасы ушул күндөрү бош турганын көрбөйсүң. Күн сайын команда-команда болуп келген жаштар түнкү саат экилерге чейин футбол ойношот. Келгендердин катарында Лейлектеги айылдардын эле эмес, Сүлүктү шаарынын да жаштары көп. Ачык асман астындагы аянтчаны жергиликтүү ишкерлер эле өз каражатына курушкан. Саатына 500 сомдон ижарага беришет. Утулган команда чыгашаны төлөп, оюнда жеңгендерди чайканада сыйлайт. "Азаттыктагы" фотоблогду көргүлө.