Skip to main content

Posts

Showing posts from May, 2013

Күйдүргүнү күйгүзгөн Кабылбай табып

Күйдүргү малдан гана жугуучу, эң коркунучтуу жугуштуу ооруулардын катарына кирет. Учурунда аныкталбай, өтүшүп кетсе, анын айрым түрлөрүн дарылоо өтө оор. Кыргыздар муну мурдагы кылымдарда күйгүзүп дарылашкандыктан, “күйдүргү” деп коюшкан. Мына ошол элдик метод менен малчылар арасында, тоолуктар ичинде күйдүргү чыкса, күйгүзө койгон бир аксакал-табып муну менен 13 жашынан бери машыгып келатат. Кыргызстанда борбор калаадан эң алыс чек арада жайгашкан Лейлек районунун Көк-Таш айылында Кабылбай Каландаров аксакал менен мен былтыр жайында сүйлөшкүм. Бул аксакал менен "сүйлөмө сүрөттү" (soundslide)  мына бул жерден угуп, көрүңүз. Ал эми аудио интервьюну толугу менен мына бул жерден уга аласыз:   Күйдүргүнү күйгүзгөн Кабылбай табып by Torokul

Праганын борборундагы өрт

Бүгүн таң эртелеп Праганын эң борборундагы Улуттук музейдин маңдайында Вацлавдын эстелигинин жанында машине күйүп жатты. Анын айланасында эл эмне болуп жатканын ошол учурда жакшы түшүнбөй калды окшойт. Бирок бир нече секунданын ичинде айлананы полиция курчап, өрт өчүргүчтөр келе калышты. Анан эки мүнөттөн кийин эле баягы өрт жөнүндө из табылган жок. Бирок ал кимдин машинеси эле? Эмне үчүн күйдү?

"Менин экинчи үй-бүлөм" (audio)

Орусияга иш издеп кетип, ал жакта башка менен баш кошуп алган кыргыз мигранттары жөнүндө маалымат мурдараак жашыруун сакталса, эми ачык эле айтыла баштады. Миграция кыргыз үй-бүлөсүндөгү баалуулуктарды кантип өзгөртүп жатат? "Менин экинчи үй-бүлөм" by Torokul

Африканын поэзиясы

"Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баян кылабыз, - деп мен туура эки жыл мурда жазган экем. Жаңы рубриканын алкагындагы алгачкы программа болчу.  Африка поэзиясы (audio) by Torokul

Жаштарды айылга чакырган эне (audio)

"Бүайлар Сулайманова - Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан Көк-Таш айылынын тургуну. Ал да эл катары мал кылып, акыркы жылдары турмушун жакшы эле оңдоп алган. Жаштарды шаарга качпай, айылда эмгектенип жашоого үндөп келатат". Менин мындан эки жыл мурдагы макалам ушундай сөздөр менен башталган эле. Анда мен айыл жеринде элдин ичинде активдүү жүргөн энелердин бирин кепке тарткам. Бул Бүайлар апаны кийин колдогон пикирлерди "Азаттыктын" угарман-окурмандары көп эле сайтта жазышты. Азыр ошол маектин аудиосу: Жаштарды айылга чакырган эне by Torokul

Көздүн эмес, сезимдин китеби (audio)

Эми бул жерге өзүм "Азаттыкта" даярдаган ар кайсыл жылдардагы дурус деп эсептеген баяндарымдын аудиосун да коюп турам. Анткени баяндарда берилген бүт эмоцияны, жагдайды, мезгилди, сезимди, керек болсо, ошол учурдагы үндү текст менен гана бүт бере албайсың. Демек, алгачкы аудио: "Көзү азиздер үчүн кандай китептер жазылууда?” Ушул суроо боюнча мен "Азаттыкка" 2010-жылы баян даярдагам. Анда Кыргызстандагы жана Чехиядагы абалга кызыккан элек: 2disabled-literatureTD-JrA Sept10 by Torokul