Skip to main content

Posts

Showing posts from August, 2013

Бул апта: мигранттар

Бул апта Россиядагы мигранттарга байланыштуу окуяларга бай болду. Аларды полиция массалык рейддерде кармады, кээде уруп-сабады... Мен Москва, Тюмень, Новосибирск, Омск, Сургут шаарларындагы окуялар жонундо кабарлап жаттым. Баары "Азаттыктын" сайтында: www.azattyk.org 

КАРАРГАН ДЕҢИЗ, АГАРГАН ТОЛКУН

Мен турган тушта – сен туулган кыштак, Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан. Жалгыз бир кезде жарк этти эске, Жагоочон күндөр жадымдан чыккан. Барайын дедим, баралган жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. Тунарган жакты турамын карап, Туш-туштан шоокум шооладай жанат. Бир мезгил келет жамгырдай төгүп, Бир мезгил кетет шамалдай сабап. Бүт дүйнө шундай жаралган достум, Карарган деңиз, агарган толкун. Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир, Кезинде жаады, кезинде кетти. Тек гана дүйнө жазындай болгон, Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү. Сенин да билем, тизмеңде жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. (Алым Токтомушев)

Health is Wealth

Аракет кылсан, берекет. Мен дагы бир жолу туура тамактанып, спорт менен машыгып, туура ойлонуп жашаганга аракет кылайын деп чечтим. Эки кундон бери чылым чегелекмин. Бир нече жолу ломка болду, мага бирок анын артынан келчу сезим жакты))

Корей жомокторун кыргызчалаган Жазгүл

Учурда Түштүк Кореянын Йонсэ университетинде аймак таануу адистиги боюнча магистратурада окуп жаткан Жазгүл Сманова корейчеден которгон элдик жомокторду жакында “Корея-Азия достук кору” беш башка китеп кылып чыгарды. Аларды жаңы окуу жылында Кыргызстандагы бардык мектептерге бекер таратканы жатышат. "Азаттык": Бул башталгыч класстар үчүн турбайбы. Жаш бала үчүн жазыш негизи кыйын болсо керек. Анткени жөнөкөй тил менен кээде өтө татаал нерселерди түшүндүрүп бериш керек. Сизге котормонун кайсыл бөлүгү баарынан кыйын болду? Жазгүл Сманова: Биринчиден, буга чейин которулбаган сөздөр көп экен. Корей тилине кытай иероглифтери аркылуу келген корейче сөздөр, буддизмге же башка диндерге байланыштуу түшүнүктөр бар. Аларды которуш оңой болгон жок. Бирок эки жактан тең сураштырып, акыр аягында редакторлор менен иштешип, котормону таап жаттык. Экинчиден, мен өзүм Түштүк Кореяда беш жылдан бери жашап жатканыма карабай (Жазгүл Сманова корей тилин алгач К.Карасаев атындагы Бишке