Тургандардын бири мага кайрылып калды: - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин. Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт. Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала к...
Мен бала кезде ушул китепканага көп барчумун. Мектептен чыга калып, бул жерде Айтматовдун, Алыкулдун дүйнөсүнө кирип кетчү элем. Анда иштеген китепканачы эжелерим да ушундай мээримдүү, карапайым эл боло турган. Китептердин эскилиги жетип, айрымдарынын барактары канча ирет кайра жамалып, канча ирет тытылганы да, бөлмөлөрдүн кышында сууктугу да мага жакын сезилчү. Бирок, айланайын, андан бери муун жаңырды, эгемен эл болдук. Эмнеге 21-кылымга жетсек да, балдарыбызга дурустап китепкананы оңдогонго жетпей келебиз? Иним Ислам ошо менин балалыгым калган китепкананы тарткан экен. Отуз жылдын ары жагындагы мезгилге жашынган эски китептердин жыты, китепканачы эжелеримин жылмайган жүзү эсиме түштү. Анткен менен мезгил алмашып, кылым жаңырса да, бүргөдөй китепкана дале ошо бойдон баарыбыздын эсибизден чыккан көрүнөт... Маданиятка мындай мамиле жакшылыкка алып барабы?