Skip to main content

Posts

Showing posts from August, 2009

Улуу Үркүн жөнүндө повесть

Жакында кыргыздар 20-кылымдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскеришти. Жамы журт анда кырылып калган кыргыздын кайгысы тууралуу сүйлөдү, ичтен сызып, жашын жута ошол окуянын не геноцид, не баскынчылык, не бир башка аттарын айта албай, тарыхка баасын бере албай турду. Мезгили келгенде, буга тарых өзүнүн сөзүн айтаар. Азырынча ошол мезгилдин адабий, көркөм жагына кайрылалы: Белгилүү журналист, тарыхчы Арслан Капай уулу жакында мына ошол Улуу Үркүн окуялары жөнүндө көркөм чыгарма жазды . Орусиядагы кыргыз режиссеру Нурбек Эген “Беделдин белиндеги каргыш” деген ошол повесттин негизинде көркөм тасма да тарта турганын “Азаттыкка” билдирген . Мен ошол повесттин алгачкы окурмандарынын бири болгонума аябай кубанып турам. Азыр эми автордун өзүнүн уруксатын алгандан кийин, силерге да анын бир бөлүгүн көрсөтөйүн дедим. Ой-пикирлерди ушул жерге калтырыңыздар. Автордун өзү менен байланышам десеңиз, мына бул даректерге жазсаңыз болот: arslan.koichiev@bbc.co.uk же: arslankoichiev@gmail.com (Сүрөт &qu

Путиндин доору

Владимир Путин орус саясатында аты чыга баштаганына туура 10 жыл болду. Мен бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” макала жаздым . Бирок Путинге, анын “дооруна”, саясатына карата менин жеке пикирим, албетте, анда жазылган жок. Алар жөнүндө кыскача ушул жерде силерге айтайын деп турам... В.Путиндин аты алгач дүйнөгө жар салынганына азыр 10 жыл болсо, ал мамлекетти де-юре сегиз жылдай бийледи (калган эки жылы премьер-министрлик кызматта өттү). Мына ушул мезгилдин жети жылын мен Орусияда өткөрдүм. Менин студенттик мезгилим да, журналисттик алгачкы кадамдарым да дал ушул мезгилге туш келди. Путиндин аты менен байланышкан чуулгандуу окуялар: Дубровкадагы “Норд-Ост” окуясы, Бесландагы мектепке чабуул, Чеченстандагы кырдаал, Москвадагы метро станциялардагы жана башка жерлердеги жардыруулар , скинхеддердин баш көтөрүшү, орус олигархтарына чабуул, журналист Анна Политковскаянын өлүмү , кийин Борис Ельциндин дүйнөдөн кайтышы, В.Путиндин экинчи президенттик мөөнөтү, парламенттик шайлоо, Д. Медведев менен