Skip to main content

Путиндин доору

Владимир Путин орус саясатында аты чыга баштаганына туура 10 жыл болду. Мен бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” макала жаздым. Бирок Путинге, анын “дооруна”, саясатына карата менин жеке пикирим, албетте, анда жазылган жок. Алар жөнүндө кыскача ушул жерде силерге айтайын деп турам...

В.Путиндин аты алгач дүйнөгө жар салынганына азыр 10 жыл болсо, ал мамлекетти де-юре сегиз жылдай бийледи (калган эки жылы премьер-министрлик кызматта өттү). Мына ушул мезгилдин жети жылын мен Орусияда өткөрдүм.

Менин студенттик мезгилим да, журналисттик алгачкы кадамдарым да дал ушул мезгилге туш келди. Путиндин аты менен байланышкан чуулгандуу окуялар: Дубровкадагы “Норд-Ост” окуясы, Бесландагы мектепке чабуул, Чеченстандагы кырдаал, Москвадагы метро станциялардагы жана башка жерлердеги жардыруулар, скинхеддердин баш көтөрүшү, орус олигархтарына чабуул, журналист Анна Политковскаянын өлүмү, кийин Борис Ельциндин дүйнөдөн кайтышы, В.Путиндин экинчи президенттик мөөнөтү, парламенттик шайлоо, Д.Медведев менен тандеми, - ушунун баарын жашап өткөн экем. Алар жөнүндө улам “Азаттыкка” Москвадагы кабарчы катары айтып, жазып турдум.

Учурунда окуя окуя бойдон айтылып, кабар кабар боюнча жазылып кала берет. Бирок азыр артта калган Путиндин мезгилине көз чаптырып, ал жерде менин өзүмдүн “балалык аракетим”, “алгачкы журналисттик кадамдарым” калганын көрдүм. Бул доор мага жакын. Ал мени такшалтты, таптады.

Ал Путиндин саясаттагы жылдызы жанган доор, менин чыгармачылык жолумдун башталышы гана эле.

Comments

Post a Comment

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози