Skip to main content

Posts

Showing posts from April, 2011

Photo-report: Балалык менен жолугушуу

Мен жакында үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып келдим. Акыркы жолу мекенимдин абасын жутуп, нанын жеп, ажайып кооз тоолорун көргөнүмө, эч тойбос суусунан ичкениме дээрлик эки жыл болуп калган эле. Айылда ата-энемди көрүп, бир жыргадым. Лейлектин Көк-Таш айылында кайын журтум жашайт. Ал жерде жубайым экөөбүз чыгып, айылдын жаш балдары менен чана тептик!!! :) Эми бул жакта экөөлөп тартып калган сүрөттөрдөн отчет-баянды көргүлө. 8-класстын окуучусу Нурсултандын чыгармачылыгы - коньки! Мындай конькини мен көрө элек болчумун. Айылдагы жаш балдар, чоң шаарлардагылардан айырмаланып, кымбат баалуу спорт-дүкөндөрүнө бара алышпайт, профессионалдык коньки, лыжа сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жок десе, жок экен деп отура бербей, өздөрү телевизордон көргөнүн жасап алышкан. Балдар баары чурулдашып, мага конькини кантип кийип, кантип тепкенди көрсөтүп жатышат. Мен бир аракет кылып көрдүм, болбоду - практика жетишпейт экен :) Балдар катарга туруп алып, баары бирдей чанага жыгылышат. Менин эле

У.Дэниэлс: Мени адамдын тагдыры кызыктырат

Кандай гана илдет болбосун, анын жузу дени сак адамга жат, чоочун, трагедиялуу корунот... Озгочо жаш балдар оорубасын... Бирок андан кача албайт экенсин. Мындан 4 жыл мурда дуйнодо ар бир 30 секундада бирден жаш бала безгектен (малярия) коз жумуп турган. Олгондордун копчулугу Африкада. Уиллиям Дэниэлс ошол безгектин курмандыктарын, алардын омурун сактап калууга жасалып жаткан аракетти фото пленкага жаздырып, тартып жургонуно коп болду. Мына бул жердеги суроту учун ал учурунда дуйнодогу фотожурналисттердин эн абройлуу сыйлыгын да уткан эле. Франциялык бул фотожурналист менен мен алгач Кыргызстан эки ирет (ал туберкулезду, эки ынкылапты, экологиялык оор абалды тарткан) жолуккам. Кийинчерээк Парижде коруштук. Анан кечээ Безгекке каршы курошуунун дуйнолук кунундо ага Парижге телефон чалдым. Чарчанкы суйлоду. Граждандык согуш болуп жаткан Ливиядан эми эле келген экен, оор сапар болду дейт. Аны менен интервьюну бул жерден окугула. ( Суротто: Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү м