Skip to main content

Posts

Showing posts from July, 2014

Айды күтүү

Такташтык ай чыкканда жолугууга, Кан кызып, денемди бир аптап урат. Айтам деп, сага камдап сөз ылгадым, Бул акшам ай башкача толуп турат. Бизге анда жылдыздардай асмандагы көрүнгөн сезим күчү — чексиз аалам. Биз анда толкундардай деңиздеги бүтүн бир ыргак менен агылууга ичтик касам… Сүйлөштүк ай тууганда көрүшүүгө бөбөктөй багындыра кыялдарды. Сен мени, а мен сени бөлүшүүгө күндү эмес, айды күттүк кайра дагы. Сезимди кытыгылай уяң ойлор, алдырбайт, колго кирбейт, алыс, бөлөк. тартылган амалсыздык пардасынан, жүрөгүм айды күткөн күндө өлөт, ойлорум сени деген кыйнайт мени… Ай эмес жылдар өттү андан бери, Элесиң — чаңдагы гүл, өчкөн тагы. Чарчаган окшойм бүгүн, кетким келет. Бу тагдыр сенсиз деле берди бакты. А бирок… Көкүрөк бирдемеден эзилет эй… Күткөндөй дагы деле жаңы айды, Ойлорум учат самап алыс жакты, сен тарап басып кетээр                               алыстарды. (2011.)