Skip to main content

Posts

Showing posts from January, 2009

2008: Скинхеддердин чабуулу күчөдү

2008-жылы Орусияда скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны тарыхта болуп көрбөгөн жогорку чегине жетти. Расмий кабарларда үч кыргыз жараны былтыр орусиялык улутчул "такырбаш" жаштардын колунан набыт болгон делет. Укук коргоочулар скинхеддер ондон ашуун кыргыз жаранын өлтүрүштү дешет. (Макаланы толук окуу...)

Азиз Бейшеналиев: “Мустафа Шокай” өз максатына жетти

20-ноябрда Алматыда режиссер Сатыбалды Нарымбетовдун “Мустафа Шокай” тасмасынын бет ачаары өттү. Көп жылдар бою “эл душманы” аталып келген Мустафа Шокайдын тагдырына тасмада башкача баа берилген. Башкы ролду кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев аткарган. Төрөкул Дооров: Азиз, биз сиз менен бир жарым жылдай мурдараак Прагада жолугушкан элек . Ал учурда сиз Түркстандын атактуу саясий ишмери Мустафа Шокай жөнүндө тасмада башкы ролдо тартылып жүргөн кезиңиз болчу. Бир нече күн мурун Казакстанда ал тасманын ачылыш аземи өттү. Көрармандар, сынчылар тасманы кандай кабыл алышты? Азиз Бейшеналиев: Билесиңби, кинону адамдар кандай кабыл алышканын билүү мен үчүн бир топ кыйыныраак, анткени мен Казакстанда жашабайм (Азиз акыркы он эки жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада турат – ред.). Андыктан мен ал жерде аябай аз убакыт өткөрөм. Өткөн сентябрь айында Астанада “Евразия” кинофестивалы өттү. Ошол жерде фильм алгачкы жолу көрсөтүлгөн. Кийин Алматы, Астана шаарларында да 20-ноябрда фильмдин ачылышы бо

Нурбек Эген: Манас жакында төрөлөт

Кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасмасын дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу режиссер «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди. Нурбек Эген: Буюрса, тилеген тилектер орундалса, майдын аягында бүтүрөм. Анан аны-муну болуп, күздүн орто ченинде же аягында кыргыз элине көрсөтө баштайм. Тасма азырынча толук тартылып бүтө элек. Кыйтайлык кыргыздарга, анан түрк кыргыздарына барып, бир каарманды тартышым керек. Андан ары жапондордун Токия шаарында да бир каармандын үйүнө барып, ошол жактан тартыш калды. Ошону бүтүргөңдөн кийин, анан фильмди бүтүрдүм десем болот. Бирок ага чейин эле киного керектүү материалдарды топтоо дурус жүрүп жатат. Жалпысынан 12 сааттык материал топтолду. Ошонун ичинен эки сааттык даректүү тасма болот. Азыр Бишкекте жүрөм. Бир аптадан бери кыргыздын мамлекеттик архивинде көптөгөн эски тасмаларды, эски сүрөттөрдү таап көчүрдүм. Андан сырткары, кыргыз элинин эгемендүүлүктү алгандан кийинки олуттуу оку