Skip to main content

Нурбек Эген: Манас жакында төрөлөт

Кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасмасын дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу режиссер «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди.

Нурбек Эген: Буюрса, тилеген тилектер орундалса, майдын аягында бүтүрөм. Анан аны-муну болуп, күздүн орто ченинде же аягында кыргыз элине көрсөтө баштайм. Тасма азырынча толук тартылып бүтө элек. Кыйтайлык кыргыздарга, анан түрк кыргыздарына барып, бир каарманды тартышым керек. Андан ары жапондордун Токия шаарында да бир каармандын үйүнө барып, ошол жактан тартыш калды. Ошону бүтүргөңдөн кийин, анан фильмди бүтүрдүм десем болот. Бирок ага чейин эле киного керектүү материалдарды топтоо дурус жүрүп жатат. Жалпысынан 12 сааттык материал топтолду. Ошонун ичинен эки сааттык даректүү тасма болот. Азыр Бишкекте жүрөм. Бир аптадан бери кыргыздын мамлекеттик архивинде көптөгөн эски тасмаларды, эски сүрөттөрдү таап көчүрдүм. Андан сырткары, кыргыз элинин эгемендүүлүктү алгандан кийинки олуттуу окуялары, анын ичинде Ош окуясы, 1937-жылкы окуяларда шейит болгон кыргыз уулдарынын сөөктөрү, тарыхы жөнүндө көп архивдик маалыматты издеп, буюрса көңүлгө толоорлук сүрөттөрдү, тасмаларды таптым деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Нурбек, сиз баштап ушул идеяны көтөрүп чыкканда мунун кайсыл бир деңгээлде тарыхый жоопкерчилиги да чоң болот деп кичине чоочулап тургандай айттыңыз элеңиз. Азыр эми өзүңүз топтогон материалдардын негизинде негизги идеяны канчалык деңгээлде ачып бергенге жетише алам деп ойлойсуз?

Нурбек Эген: Күндөн-күнгө окуган макалалар, китептер, же сүйлөшкөн сөздөр, маектер жыйынтыгында өзгөрүлүп сакталып, жалпы топтогон материалдарым да кыскартылып баратат. Биринчи баштап жатканда корккондой болгом. Бул - өтө жоопкерчиликтүү жумуш. Ошентсе да, чын пейилден болгон күчтү жумшап, кыргыздардын аз гана болсо да тарыхын, түсүн, жытын, пейилин, максатын көрсөткөн чоң тасма болсо деген тилек менен иштеп жатам.
Төрөкул Дооров: Эпос менен байланышкан идеяны бүгүнкү турмуш менен айкалыштырып берүү, албетте, чоң жоопкерчилик болсо керек

Нурбек Эген: Аябай чоң жоопкерчиликти алып жатканымды түшүнөм.

Төрөкул Дооров: Сиздин фильмиңизде Манасты көрсөткөн кадрлар болобу, ойногон кыргыздар, мисалы, Манас эпосундагы өзүнчө бөлүктөрдү экрандаштырган учурларыңыз болобу?

Нурбек Эген: Жок. “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасма бүгүнкү күндө эл кыйналып, эл бириге албай турган кезде Манастын төрөлүшү, же Манастай болгон азаматтын төрөлүшү бул мыйзам ченемдүү нерсе деп ойлойм. Себеби Манас төрөлөөрдүн алдында да кыргыздар чачырап, өзүнүн башын таппай кыйналып жаткан. Ошол кезде Манас кыргыз элинин башын, оюн бириктирип анан кыргыздар өзүнүн мамлекеттүүлүгүн куруп, өнүгүп жашай башташкан. Эгер кыргыздар бүгүнкү күндөгүдөй болуп биринин сөзүн бири укпай, кадырлап барктабай жашасак, анда Манас төрөлбөйт. Эгер бүгүнкү күндө, мен байкап жаткандай, баардыгы «Манастай жигит келсе экен» деген идеяга бириксе гана ал төрөлөт. Манас десе кылыч көтөрүп, калкан кармаган эмес, бүгүнкү күндүн Манасы жөнүндө айтып жатам. Ошондой бирөө келип, биздин мамлекетибиздин башында турса деген тилек. Президент болобу, же Чыңгыз атабыздай болуп калеми, улуу ойлору мененби, айтор, элдин дээрлик көз карашын, ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн бирөө келсе деген ой. Ушул тилекке канча адам көп кошулса, ошол адамдын төрөлүшү, тарбияланышы, коомдун мыйзамченемдүүлүгү ошончолук күчтүү болот. Эми менин ойлогонуман, менин көргөнүмөн, сүйлөшкөн кишилердин маанайына, максаттарына, ойлогон ойлоруна караганда, биздин бүгүнкү Манас, Кудай кааласа, жакынкы күндө төрөлөт деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Төрөлөт дегениңиз, жакынкы күндөрдө төрөлөбү, же жакынкы күндөрдө аты чыгабы?

Нурбек Эген: Аты чыгат, 20-25 жылдын ичинде.

Төрөкул Дооров: Нурбек сиз быйыл 9-июлда кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушканыңыз эсибизде. Мына ошондон кийин “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасма тартам деп айтып чыктыңыз. Ошон үчүнбү, айтор, балким бул президенттин заказы болсо керек деген сөздөр айтыла баштады. Бул чындап эле «мамлекеттик заказбы?»

Нурбек Эген: Жок, ал кишиге бул фильм жөнүндө сөзүбүздүн соңунда гана айттым. Президент менен жолугушууда улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги, көркөм фильмдер туурасында сүйлөшүүлөр болду. Аягында «азыр эмне жумуш кылып атасың?» деп сураганынан, бул жөнүндө айтсам, кыргыз мамлекет башчысы өзүнүн президенттик фондунан акча каражат бөлүп берди.

Төрөкул Дооров: Ушул тасманы тарткангабы?

Нурбек Эген: Ооба. Президент иштеринин башчысы да фильм тартып атканда колунан келишинче автоунаа, күйүүчү май жагынан жардам берип турду. Иши кылып, кыргыз президентинен тартып, эшик шыпыргандарга чейин бардыгы жардам берип, баары ушул тилекти колдоп жатышканын мен толук ишеним менен айта алам. Ошон үчүн бүгүнкү күндө биздин Манасыбыздын төрөлүшү жакындап калды деп дагы бир ишендирип өткүм келет.

Төрөкул Дооров: 9-июлдагы жолугушууда “Сынган кылыч”, “Курманжан датка”, “Курманбек баатыр” деген тарыхый чыгармаларды да экрандаштыруу жөнүндө сүйлөшүп, анан ошондон кийин иш башталат деп айттыңыз эле. Алар боюнча эмне жаңылык бар?

Нурбек Эген: Буюрса, мамлекеттик улуттук программа боюнча көрсөтүлгөн фильмдердин биринчиси Курманжан датка жөнүндө болмокчу. Фильмдин сценарийи бүтөйүн деп калдым. Буюрса, президент менен сүйлөшкөн сөз боюнча, 2010-жылдын баш чендеринде ал даяр болуп калат деп ойлойм.Төрөкул Дооров: Буга мамлекет тараптан акча бөлүндүбү, же эми бөлүнөбү?Нурбек Эген: Мунун 70% жакыны - кыргыз мамлекетинен бериле турган акчалар, калганын чет мамлекеттик колдоочулар беришет.

Төрөкул Дооров: “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасмаңыз боюнча 10 каарманды алып, алардын ичинде жөнөкөй айдоочусу да, белгилүү адамдар да болот деп айттыңыз эле. Биздин алгачкы интервьюбуз эсимде, “Азаттыкка” алгачкы ирет ушу тасма жөнүндө айтып жатып, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Чыңгыз Айтматов өңдүү кыргыздын атын чыгарган, 90-жылдар жеке тагдырына чоң таасир эткен адамдар жөнүндө тартып калсам жакшы болот эле деп айткансыз. Ушул кишилердин кимиси тасмаңызга кирет?

Нурбек Эген: Эч кимиси кирбейт. А.Акаев бул киного тартылгандан баш тартты. Экөөбүз жолугуп сүйлөштүк, Аскар Акаев бул кинонун максатын түшүнгөн жок. Ал эми Чыңгыз атабыз дүйнө тартып кетти. К.Бакиев бүгүнкү күндөгү жумуштарына, жоопкерчилине таянып десек болот, ал каарамандарды элдин ичинен эле ал деп койду, мен аны менен макул болдум. Чынын айтканда, фильмдин каармандары элдин ичинен. Атактуусу, эл тааныганы бир эле киши болот деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Нурбек, эмне үчүн тартып атасыз бул фильмди, тасманын максаты эмнеде?

Нурбек Эген: Элдин патриоттук сезимдерин ойготуу. Кыргыздын, бүгүнкү жаштардын ким экенин, өзүнүн тарыхын көрсөтүп, келечегин түшүнгөн мекендештери, замандаштары менен тааныштыруу. Бул фильмдин каарамандары ар тараптуу, ар кандай катмардагы, ар кандай ой-максаттары бар кишилер. Бири-бири менен деги сүйлөшпөгөн, деги кезигишпеген каармандар.

Төрөкул Дооров: Нурбек, сизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз.

Comments

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала к...

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози...

Улуттун урку тилинде

Азыркы кыргыз журналистикасы, чынында, оор мезгилди баштан кечирип жатат. Кыргызча басылчу кайсыл гезитти, журналды ачпаңыз, кайсыл теле-радиону укпаңыз, кабарчылардын тилинен толгон-токой катаны табасыз. Бул иренжитет, кыйнайт, ойлонтот... Тилдин тазалыгы эмнеден башталат? Бул суроону биз белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен көп талкуулайбыз. Ошол талкууга силер да кошулгула. Сөздү үтүрдөн (,) баштайлы. -- ҮТҮРДҮН ҮЛКӨН ЖҮГҮ - Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү? - Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи… - Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер. - Анда башта… - Күүнүн башы Камбаркан дегендей, сөздү ушу үтүр-чекиттен баштайлы деп сунуш кылат элем. Тыныш белгилери эмне үчүн керек? - Муну эми баары эле билет, б...