Skip to main content

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек. Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар:

--
...
- Сиздин оюңуз кандай бу жагынан?

- Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот.
Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин позицияларынан карап, талдап көрө турган көп көрүнүштөр бар.

ОНТОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ЖАНА ТИЛ

- Ошондой олуттуу проблемалардан кайсыларды бөлүп көрсөтсө болот?

Маселен, азыр кыргыз тилинде сабаттуу текст түзүү чоң проблемага айланды. Журналисттер жөнөкөй кабарды, жаңылыкты деле жарытып жаза албай калышты. Аристотелди эстесек, адатта "кирди-чыкты ойлонгон адам кирди-чыкты сүйлөм түзөт". Ошол себептен Ханс Гадамер (азыркы герменевтиканын "атасы") "ар кандай текстти адамдын акыл-эси жайында экенин текшере турган сынамык" катары караган. Антейин десең азыр орус тилинде жазган кээ бир кыргыздар орустардан кем калышпайт. Кийинки учурда ангилис жана башка тилдерде ушундай эле деңгээлде текст жазганга жараган кыргыздар пайда болду. Аларды окуп олтуруп, азамат дейсиң, кол чабасың. Бирок ошол эле авторлор кыргызча жаза келгенде эле оюн жыйнактап айта албай, тамтаңдап калып жатышпайбы. Же мунун тескерисинче, жалаң кыргыз тилинде жазгандардын, айрыкча журналисттердин тексттерин окусаң, алардын сөздөрү эле кыргызча болбосо сүйлөмдөрүнүн түзүлүшү бүт бойдон орусча болуп баратат.

- Былтыр "Кыргыз Туусунда" жарыяланган маегиңизде муну пиджиндешүү процесси деп атаган экенсиз. Кыргыз-пиджин тилинин пайда болушун биздин өз тилибизде ойлонбой калганыбыздын натыйжасы десе болобу же буга башка да шарт-жагдайлар себепчи болуп жатабы?

- Пиджиндер адатта эки-үч тилдин кошундусунан куралат, ошондуктан аны бузулган тил дешет. Классикалык пиджиндер колониализмдин, оторчулуктун натыйжасы болгон. Азыркы заманда буга глобализация себепкер болууда. Адистер бир жагынан муну обьективдүү көрүнүш болуп баратат, көп улут жашаган жерлерде, чек аралар тогошкон аймактарда алар өзүнөн өзү пайда болот дешет. Бизде, мисалы, оозеки тилде орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөмөй адат болуп калды. Түштүктө болсо мунун кыргызча-өзбекче, кыргызча-тажикче түрү бар.
Бирок биздин тилдин келечегин, кендирин кесе турган башка факторлор деле толтура. Мисалы, азыр илим, техника, технология өндүрүшкө эле эмес, ар бир үйдүн ашканасына чейин жетип калды. Алар аркылуу жаңы түшүнүктөр, сөздөр, атоолор, терминдер күргүштөп кирип жатат, аларды тап жылдырбай кыргызчалатып турганга коомдун чамасы жетпейт, мындай тажрыйбабыз да жок. Иши кылып, илим-билимдин көп түрлөрүн, айрыкча табигый, техникалык илимдерди кыргызча сүйлөтө албаганыбыз бизге чоң өксүк болот. Акыл ойломуна (рациональное мышление) ылайыкташпаган, анын оролуна өсүп жетпеген тилдин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү тар болот, акыры барып аргындашып кетет, ошо менен жок болот.
Дагы бир чоң проблема деп кыргыздын улуттук онтологиялык коопсуздук сезими жоголуп баратканын айтса болот.

- Кечиресиз, онтологиялык коопсуздук деген эмне?

- Социологияда ушундай (ontological security) термин бар. Илимпоздор аны адамдын "алтынчы сезими" деп коюшат, ошондой сезими калыптанбай же өнүкпөй калган киши өзүнүн өзгөлөрдөн айрымаланган сапаттарын, өзгөчөлүгүн туйбай, билбей калат. Улут деген деле ушундай, онтологиялык коопсуздугу бузулган эл өзүнүн урух-уркун, дүйнө таанымын, тилин, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын аңдап, ажыратып тааный албай калат.

-Буга мүнөздүү мисалдарды келтире аласызбы?

-Мисалдар толуп атат. Айталы, азыр кыргыз Түркияга барса – түркчө, Батышта болуп келсе – ангилисче сүйлөп келет, эки орус отурган жыйында орусча сүйлөйт. Бу ошол онтологиялык коопсуздук сезим бузулганын билдирет. Же Радловдун сөздүгү менен азыркы тилди салыштырып көрсөң, бул оркоюп эле көрүнүп турат. А болбосо мына куранды, уланды мүчөлөрдү алалы, айрыкча –лык, -дык деген жалгама мүчөлөрдү чала сабат журналисттер ылайыгы келсе-келбесе деле көрүнгөн сөзгө жабыштыра берип, тилдин ыспалдасын, ыраспаасын чыгарып бүттү. Азыр кайсы гезитти окуба, "орусиялык инвестиция", "орусиялык кредит", "кытайлык товарлар" дегендей айтымдар жайнап жүрөт, "Акаевдик режим", "Бакиевдик бийлик" дешет. Ыракматы Чыкенин мааракесине арналган макалаларда "Айтматовдук энциклопедия", "Айтматовдук аалам", "Айтматовдук кейипкерлер" дегендей бирдемелер өтө көп айтылды, болгондо да аларды жазуучулар, адабиятчылар,сынчылар, академик наамын алгандар айтып-жазышты. Мунун баары ошол онтологиялык коопсуздук бузулганын билдирет.

-Булардын эмнеси туура эмес,түшүндүрө кетсеңиз. Эмнеге,мисалы, "кытайлык товар" дебей, "кытай товары" деш керек?

-Себеби бу: баланча жерлик, мисалы, кытайлык, орусиялык,ирандык,мисирлик деп кыргыз жалаң адамды айтат, андан башкага колдонбойт. Азыркылар болсо -ский деген мүчө менен бүткөн орусча сөздүн баарын эле кыргызчалатканда лып эткизе -лык мүчөсүн иле салып жатышат. "Русские деньги" десе, маселен, кыргыз "орустук акчалар" деген эмес да,"орус акчасы" деген. "Китайское слово" дегенди азыркылардай "кытайлык сөз" дебестен, "кытай сөзү" деген. "Кокондук хандык" эмес, "Кокон хандыгы", "Кудаяркандык заман" эмес, "Кудаяркан заманы" дешкен. Азыр болсо "атбашылык койлор", "токтогулдук уйлар", "таластык жылкылар" же "кытайлык автобустар" деп тамтаңдап жатышпайбы. Минтип отурса алар бир күнү "киргизский язык" дегенди "кыргыздык тил", "киргизская история" дегенди "кыргыздык тарых" деп айтып-жазып калышы ажеп эмес.
Акыркы кездерде дагы бир "өнөр" пайда болду.Тактап айтканда, чү дегенде эле "мен ойлойм, "мен ойлоп атам", "мен ойлоп турам", "мен эсептейм" деп сүйлөгөндөр, жазгандар көбөйдү. Мисалы, "Мен ойлойм, быйыл деле бизге кыйын болот деп", "Мен ойлоп атам, ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт", "Мен ойлоп турам, электр каатчылыгы эми чечилет деп" ж.б.у.с. Бу баягы эле орусча сүйлөм башындагы "я думаю","я считаю", "я полагаю" дегендин сөзмө-сөз көчүрмөсү болуп атпайбы. Мунун баарын кыргызча ойлоно албай калган саясатчылар, политологдор, өздөрүн эксперт эсептеген немелер айтып жатышат, аларды болсо журналисттер жаңы табылгадан бетер жабыла кайталап, элге жайылтып жатышат. Жыйынтыгында келип кыргызча сүйлөмдүн түзүлүшү, кыргызча сөз ыдыры бузулуп жатат, эне тилдин өзгөчөлүгү жоголуп, кайра эле орусташып кетип атпайбы. Чындыгында кыргыз эки дүйнөдө да минтип сүйлөгөн эмес, анткени биздин тилде этиш дайыма сүйлөмдүн этегине түшөт.

- Ошондо жанагы сүйлөмдөр кандай жазылышы керек?

- Ошондо өйдөкү сүйлөмдөр бери эле дегенде: "Мен быйыл деле бизге кыйын болот деп ойлойм", "Мен ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт деп ойлоп калдым", "Мен электр каатчылыгы эми чечилет деп ойлойм" дегендей болушу керек. Мага койсо бу сүйлөмдөрдү: "Быйыл деле бизге кыйын болот деп ойлойм", "Ушу реформадан пайда деле болбойт окшойт деп ойлойм", "Электр каатчылыгы эми чечилет деп ойлойм" деп эле жазат элем.

- Жогоруда айткандарыныздан улам азыр тилдин онтологиялык коопсуздугу негизинен котормодон бузулуп жатат десек болобу?

- Болот.

- Ал эми котормо жок кезде бул жагдай кандай болгон? Айталы, ата-бабаларыбыз тилдин коопсуздугун кантип коргошкон?

- Жана айттым го Радловдун сөздүгүн. Аны барактап отуруп ошо кезге чейин орус тилинен кирген сөз таппайсың. Ал эми Фасмерде болсо ("Этимологический словарь русского языка") түрк элдеринен орус тилине тээ көөнө замандарда эле кирген далай сөз жүрөт. Буга караганда илгерки замандарда түрк элдеринде, алардын ичинде биздин ата-бабаларыбызда онтологиялык коопсуздук сезим күчтүү болгон деп ойлосо болот. Ал эмес орустардын оторлугуна киргенде деле кыргыздар алардын сөздөрүн бүкүлү бойдон албастан, эне тилдин табиятына ылайыктап алышкан. Айталы, бөтөлкө, бөлкө,керебет өңдүү кеңири белгилүү сөздөрдү айтпайлы, обосол, опус, опуздоо, дастания сыяктуу далай сөздөрдү өздөштүргөн. Обосол –новосёл, опус – обыск, опуздоо –описать (конфискация), дастания –дознание дегенден жасалган. Эл ичинде азыр деле опус кылды, үй-мүлкү опуздалды, дастаниячы суракка алды деп айтышат. Арап, иран,монгол,кытай сөздөрүн деле кыргыз ушул усулга салып өздөштүргөн. Дегеле дүйнөдөгү бардык эл бөтөн сөздөрдү ушундай ыкма менен өз сөз кылып алат, мисалы, орустарды алсак, аларда азыр активдүү колдонулуп жаткан эл аралык терминдердин баары ушундай тарыйка менен жасалган. Четтен кирген тигил же бул сөздүн тыбыштык түзүлүшү өзгөргөндө, анын тышкы түрү да өзгөрөт, натыйжада бөтөн сөз төл сөзгө айланып кетет. Азыр баары эле мурас деп муңканып атышпайбы, тил чөйрөсүндө эмне үчүн ата-бабалардын ушул усулун колдонсо болбосун? Баарын эмес, ылайыгы келген айрым сөздөрдү,терминдерди керек болсо кыргыздын көмөкөйүнө салып, кайра жасап чыкса болот. Ошол эле мурастар программасына ылайык баарын болбосо да Радловдун сөздүгүн, Махмуд Кашгаринин түрк лугатын басып чыгарсак, кана эми, атаганат, жаман иш болбос эле.

(Уландысы бар...)

Comments

  1. Торокул ушу талкуунун уландысын кутуп журдум эле, бугун окуп суйундум чон рахмат. Буйруса уландысыны дагы кутобуз!

    ReplyDelete
  2. Абдан кызыктуу да, пайдалуу да маек болуптур! Эсенбай байкебизден биз көп нерсени үйрөнүшүбүз керек экен. Төрөке колдон келсе уланта бер! Азамат!

    ReplyDelete
  3. Чоң рахмат!
    Биз Эсенбай агай менен азыркы кыргыз тилиндеги дагы бир топ мүчүлүштүктөр, өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшөбүз.
    Аларды жакын арада ушул жерге илип коем. Бул бир эле журналисттерге эмес, өз эне тилинин тазалыгы жөнүндө ойлонгон ар бир эле кыргызга маанилүү болсо керек.
    Силер да тил боюнча сурооңор, пикириңер болсо жазгыла. Эсенбай агайдан жооп алганга аракет кылам.

    ReplyDelete
  4. Torokul, Esenbai agaidyn til tuuraluu kitebi kachan chygat eken?

    ReplyDelete
  5. Chong laqysh zhettirdim!!! O'to qyzyq eken.

    ReplyDelete
  6. Элеонора, буюрса, Эсенбай агайдын китеби быйыл жарык көрөт.

    ReplyDelete
  7. Abdan kyzyktuu kep kuruptursunar.
    Kyrgyz tildi jakshy suilogonum menen jazuu erejelerin unutup baratkam.Buiursa,kaira tuura jazgandy bul jerden uironoiun.
    Bul talkuunun dagy bir maga jakkan jeri mugalimdei tushundurup,chechmelep bergeni boldu.

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.