Быйыл жайында Сүлүктү көмүр кенине бардым. Менде бир гана максатым бар эле - ал жерде иштеген жаш балдарды табуу! Көпкө жүрдүм. Ал үчүн ар кайсыл шахтанын ээлери, чиновниктер (алар эми, билесиңер да, бүт жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет кыла беришет) менен кечке кыдырдым. Акырында кеч кирерде көңүлүм чөгүп, "Бекер эле келген экем, бул жактан эч нерсе жаза албайм", - деп турсам эле арыраак жакта ойноп жаткан бадар көрүнө калды. 5-6-класстын балдары болсо керек деп ойлодум. Колумда фотоаппарат, диктофон, күн ысык, бетимден, мойнуман бери тер агат. Мен балдарды карай чуркадым! ( Андан аркы окуя бул жакта ) Арадан эки ай өтүп, "Азаттыкта" ал балдар жөнүндө материал обого берилгенден кийин Кыргызстанда көмүр кендеринде иштеген балдардын абалы иликтене турган болду. Муну мага кийин Кыргызстандагы Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова жазып жибериптир. "Азаттыктын" өзүндө болсо бул макала 28 тилдин ичинде "Мыкты радио макала...