Күйдүргү малдан гана жугуучу, эң коркунучтуу жугуштуу ооруулардын катарына кирет. Учурунда аныкталбай, өтүшүп кетсе, анын айрым түрлөрүн дарылоо өтө оор. Кыргыздар муну мурдагы кылымдарда күйгүзүп дарылашкандыктан, “күйдүргү” деп коюшкан. Мына ошол элдик метод менен малчылар арасында, тоолуктар ичинде күйдүргү чыкса, күйгүзө койгон бир аксакал-табып муну менен 13 жашынан бери машыгып келатат. Кыргызстанда борбор калаадан эң алыс чек арада жайгашкан Лейлек районунун Көк-Таш айылында Кабылбай Каландаров аксакал менен мен былтыр жайында сүйлөшкүм. Бул аксакал менен "сүйлөмө сүрөттү" (soundslide) мына бул жерден угуп, көрүңүз. Ал эми аудио интервьюну толугу менен мына бул жерден уга аласыз: Күйдүргүнү күйгүзгөн Кабылбай табып by Torokul