Мен турган тушта – сен туулган кыштак, Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан. Жалгыз бир кезде жарк этти эске, Жагоочон күндөр жадымдан чыккан. Барайын дедим, баралган жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. Тунарган жакты турамын карап, Туш-туштан шоокум шооладай жанат. Бир мезгил келет жамгырдай төгүп, Бир мезгил кетет шамалдай сабап. Бүт дүйнө шундай жаралган достум, Карарган деңиз, агарган толкун. Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир, Кезинде жаады, кезинде кетти. Тек гана дүйнө жазындай болгон, Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү. Сенин да билем, тизмеңде жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. (Алым Токтомушев)