Эдил Байсалов - “март ыңкылабындагы” негизги фигуралардын бири. Ал учурда Байсалов 170 бейөкмөт уюмдун башын бириктирген Ассоциацияны жетектечү. Бүгүн эми ал өлкөдөн качып, чет мамлекетте баш калкалоого муктаж болуп турган чагы.
Төрөкул Дооров: -“Ыңкылап өз балдарынын боорун жей баштады” деп айтып калышат. Сиз да учурунда 24-марттагы окуялардын болушуна чоң салым коштуңуз эле. Бүгүн эми өлкөдөн качып, жашырынып жүргөнгө мажбур болуп олтурасыз. Ыңкылапты жасаганыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?
Эдил Байсалов: - Жок. Биз акты ак, караны кара деп айтып турганыбызга эмнеге өкүнүшүбүз керек? Акаев азыр ичип-жеп, жыргап жүргөн чиновниктердин “чоң-атасы” болчу. К.Бакиев да азыр эми “Акаевдин эң сүйүктүү окуучусуна айланып”, анын ишин улантып жатат. Биз ошондо болгонун болгондой айтып турганбыз. Ыңкылапка аз эле убакыт калганда Бакиевге куугунттук болуп, Жаныш Бакиевди “акча жасады”, “көз боемочулук кылды” дегенде, ага каршы оюбузду билдирип турдук эле. Биз ага эмнеге өкүнмөк элек? (Интервьюну толугу менен окуу...)

Comments
Post a Comment