Кыргызстандагы жаштар арасында жапон маданиятына кызыгуу артып баратат. Мындан беш жыл мурда кыргыз жаштарынан жапон элинин барабанында (же “тайкодо”) ойногондордун тобу түзүлүп, алар аны “Ooedodaiko” деп атап алышкан эле. Алар ошондон бери эки концерт берип, былтыр тажрыйба алмашууга Жапонияга да барып келишти. Кыргыз жаштарынын бул тобу 7-мартта “Сейтек” борборунда кезектеги концертин беришти. (Макаланы толук окуп, аудиосун да ук)
Тургандардын бири мага кайрылып калды: - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин. Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт. Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала к...
Comments
Post a Comment