Skip to main content

Саламат Садыкова: Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү

Кыргыздын оюн дүйнөгө Чыңгыз таанытса, үнүн Саламат Садыкова чыгарып келет. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова улут абийири, кыргыз жаштары, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан ажар белгилер жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Саламат Садыкова: “Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман” деп коюшат. Өз киши күйдүрүп айтат. Албетте, биздин мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандыгы үчүн баарыбыз бактылуу эл экенибизди жакшы билебиз. Кыргыз эли дээрлик 20 жылдай убакыттан бери кандай кылсак, жакшы жашайбыз деген суроонун үстүнөн ойлонуп келатабыз. Азыр эл башына моралдык жактан өздөрүнүн бийик касиеттери, “Эл”, “Кыргызстан” деп, эртеңки тарыхыбыздын камын жеген аткаминерлер келиши керек. Анткени жаш урпактарга биз эмнени калтырабыз, бизден эмне осуят, кандай касиет калат дегенге баш катырган жетекчилер жетишпейт. Мен азыр “бул жакшы, тиги жаман” деп айта албайм. Бирок кыргыздын бешенеси азыр жүрөгү таза, көөдөнү кенен, үй-бүлөсүн же тууган-уругун эмес, бүтүн кыргыз элин, Кыргызстанды сүйгөн, элдин кыйынчылыктарына жаны ооруган, азыраак тамак ичип, азыраак уктап, күнү-түнү элдин проблемасын ойлогон адамга муктаж деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Эже, азыр сиз айткан сөздөр чыныгы интеллигенттин сөзү демекмин. Интеллигенция дегенде, адатта, маданият жаатындагы адамдар эске келет. Балким, алар, башка тармактардагы адамдарга караганда, эл оозуна көп алынып, алардын пикири коомчулук үчүн маанилүүрөөк болгону үчүн ушинтип айтышса керек. Ошол азыркы кыргыз интеллигенциясын өзүнүн ачык позициясынын жоктугу, уктап жатканы, өлкөдөгү терс көрүнүштөргө кайдыгер мамилеси үчүн айыптагандар көп. Сиз буга кандай карайсыз?

Саламат Садыкова: Биздин жаштардын тал төбөгө атып туруп бере турган абдан туура суроосу болду. Интеллигенция дегенге мен дагы бир нерсени айта кетейин: Мен өнөр адамы катары элди көп аралап жүрөм. Бизде азыр шаар мэрлери, айыл өкмөттөрү, акимдер арасында ортодон төмөнкү деңгээлдеги кадрлар пайда болду. Интеллигент, чынында эле, кишини киши көргөндө сүрдөп тургандай, кишини киши көргөндө нур чачырап, тарбиялуу адам экени бешенесинен эле көрүнүп турган адам. Улууга урмат, кичүүгө ызат кылган биздин жөнөкөй эле сапаттарыбыз бар. Ошол нерселери жок, көпкөлөң тарткан, текебер, чоңдордун башы бириккен жерде ак төөнүн карды жарылды кылып, түнү менен арак ичип, сайрандаган чоңдорду көрүп жүрөбүз. Алар кимге боору ачыйт да, кимге ойлонот? Чыканагынан бери майга батып, убактылуу болсо да “жеп калайын” деп ойлонгон кемчонтой, кемакыл чоңдорубуз көбөйүп кеткендиктен биз турмуштун ушул кейпин кийип олтурабыз. Биз мындан уялышыбыз керек! Кыргыз кызы катары дагы бир нерсени айткым келет: Азыр коңшу казактар тарыхтын баарын өздөрүнө энчилеп алышты. Мыкты чоң фильмдер тартылып жатат. Миллиондогон акча коротуп, кыргызга тиешелүү тарыхты өздөрүнө жазып жатышат. Муну бир дагы аким ойлобойт. Ал аким бала-чакасы менен курортко барып, машиненин эң алдыңкы маркасын айдаса, чоң-чоң ресторандарда урук-тууганын чакырып той берсе, ошонусуна өздөрүн мартабалуу адам сезип, абройлуу деп эсептейт. Мен мына ошондой чиновниктерден уялам. “Ай, байкуш ай, кимге бир нуруңду чачаар экенсиң!”, - деп коем. Себеби анда ашказандан башка түшүнүгү жок да. Биз ошол деңгээлден чыкмайынча, жашообуз оңолбойт.

Төрөкул Дооров: Ушунун баарын, элдин абийиринин санаасын айтып жаткан интеллигенция каякта?

Саламат Садыкова: Азыр эле сиз “Интеллигенциянын көбү чыгармачыл чөйрөдө” деп айттыңыз го. Биз азыр сыйлыктарга сатылып кетип жатабыз да. Кичине оозун майлап, сыйлык берип койсо, биздин ишенген улуу аксакалдарыбыз да дымып, жатып калып жатпайбы. Ал сыйлыгы эртең ага чапан деле болуп бербейт. Бирок “акты ак, көктү көк деп айтканым үчүн эртең жаманатты болуп калам да” деп сактанып калган учурларыбыз көп болуп жатат. Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү. Ошондуктан азыр аксакалабыз да, көксакалабыз да тике карап, чын дилден ал-акыбалыбызды сурамайынча, күнүмдүк текеберликтен эч нерсе таппайбыз.(Интервьюну толук окуйм десеңиз...)

Comments

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози