Баланын руханий жактан өсүп жетилишине эстетикалык дарстардын мааниси зор. “Билген адам жердин сулуулугун билими жок такыр көрбөгөн жерден көрө алат” деген орус жазуучусу К.Паустовский. Соңку жылдары Кыргызстандагы мектептерде музыка, сүрөт сабактарына такыр көңүл бурулбай калды. Абалдан кантип чыкса болот? Кыргыз билим берүү академиясынын эстетикалык сабактар лабораториясынын ага илимий кызматкери Дамир Акматов “Азаттык” менен ой бөлүшөт.
Дамир Акматов: Советтер Союзу таркагандан бери Кыргызстанда музыка, сүрөт сабактары боюнча мектептер үчүн бир да окуу китеби басыла элек. Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан чыгып жаткан китептерди көрүп, ичиң күйөт. Бизде ал боюнча даяр китептер бар, бирок, кажаттын жоктугунан улам, чыкпай келет. Окуу китеп болбогондон кийин кандай билим берүү жөнүндө сөз кылабыз? Андан сырткары, жылдан жылга бул тармактарда окуу жайларга студенттерди кабыл алуу кыскарып баратат. Мектептерде эстетикалык предметтерге бөлүнчү сааттар азайды: жумасына болсо, бир жолу болот, болбосо – жок. Аптасына бир ирет өтүлгөн дарсты окуучу жети күндөн кийин кантип эсинде сактап калат? Жок дегенде, эки ирет өтүлсүн десек, ал да унутта калууда.
Төрөкул Дооров: Биз көбүнчө Европадан жана Азия мамлекеттеринен мисал алабыз. Аларда мектепте көркөм өнөр дарстарына кандай маани берилет?
Дамир Акматов: Мисалы, Жапонияда эстетикалык тарбия бере турган дарстарга биринчи кезекте көңүл бурушат. Аларда көркөм өнөр сабагы аптасына 12 ирет өтүлөт экен. Анткени бул - адамдын ички дүйнөсүн тарбиялай турган сабак. Ушуга багытталган тарбияга көңүл бөлсөк, бизде маданият эле эмес, экономикабыз да өсмөк. Бизде, тетирисинче, музыка, сүрөт сабактарына “экинчи сорттогу” дарс катары мамиле жасалып, эптемей эле окутулуп келатат.
Төрөкул Дооров: Мисалы, биз жаштар менен сүйлөшө келгенде: “Мен келечекте юрист же экономист болом. Мага сүрөттү же музыканы окуп эмне кереги бар?” деп суроо коюшат. Сиздин пикириңизде, болочок экономистке музыканы окуунун кереги барбы?
Дамир Акматов: Албетте. Биз эң оболу адамдын ички дүйнөсү тууралуу сүйлөп жатабыз. Анын руханий дүйнөсү өнүкпөсө, ага коомдо жашоо кыйла оор болуп калат. Азыр кылмыштуулук өсүп жатат, оройлор көбөйдү, сый деген жоголду деп калабыз. Бирок мунун баары эмненин айынан болуп жатканын сураштырган адам жок. Ар бир куракка жараша балдардын өзгөчөлүктөрү болот. Мисалы, 1-2-класстагы окуучуларды байкасаңыз, алар - дүйнөсү таза, ачык адамдар. Аларды эмнеге үйрөтсөң, ошону айтат, ошону жасайт. Мына ушул таза дүйнөнү руханий кенч менен байытып, искусствого жакындатсак, ал келечекте кандай кесипти аркалабасын, ийгиликтүү адам болуп чыга келет.
Азыр биз жаштар бузулду, китеп окушпайт, музыкага кызыкпайт, жеңил-желпи ырларды угуп, баалуулугу жок тасмаларды көрөт деп кейийбиз, аларды урушабыз. Бирок ушунун баарына өзүбүз да жооптуу экенибизди унутуп коебуз. Убагында балдарыбызга китеп окуу, искусствону баалай билүү маданиятын үйрөтпөй, кийин аларды күнөөлөйбүз. Өзүбүз балага эч нерсе бербей, эч нерсеге үйрөтпөй туруп, аны күнөөлөгөн – акылга сыйбаган нерсе. (интервьюнун толук версиясы...)
Comments
Post a Comment