Skip to main content

Кыргызстан келечегин тандоого даярбы?

Эртең Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага алты талапкер катышып жатат. Баары эле мыйзам бузуулар көп болот, дагы эле азыркы президент Курманбек Бакиев шайланат дешет. Билбейм...

Канткен күндө да, мунун баарын - добуш берүү кандай өткөнүн - эртең "Азаттыктан" бишкек убактысы боюнча 21:00-22:00 чейинки бир сааттык түз ободогу программада айтып беребиз. Аны мен алып барам. Көптөгөн кызыктуу талкуулар, интервьюлар, облустардагы кабарчылардан түз ободо маалымат болот. Укканга аракет кылгыла :)

Акыркы күндөрү блогго дээрлик эч нерсе жазбай калганым да убакыттын жоктугунан. Кечирээрсиңер. Кантсе да мамлекет үчүн "жөнөкөй эмес күндөрдү" баштан кечирип жатабыз.

Кимди караба "Мен шайлоого барсам-барбасам, Ак Үйдөн кандай команда болсо, ошол президент болот да" дешет. Адамдарда шайлоого карата ишеним өчүп калгандай. Чын эле ошондойбу же бул болгону жалган эле сезимдерди? Өз оюңарды айткылачы.

Comments

  1. Сиз айткандай, эртен Кыргызстан жаны президенттуу болот. Бирок шордуу кыргыздар ким шайланаарын даана билишет. Саясатка кызыкпаган сатуучу, дыйкан же окуучу болбосун эртен олко башчылыгына Бакиев келээрине толук ишенишет. Буга албетте шайлоону бийлик озу каалагандай бурмалайт, экинчиден элдин купулуна толоорлук, калктын журогуно ишеним жаратчу бир да талапкер чыкпады. Оппозиция которуп чыккан талапкердин да эл менен болгон жолугушуусунда денгээлин кордум. Эмне учун беш млн ашык кыргыздан журт атасы болчу бир кыргыз табылбайт, билбейм. А менин чолок оюмда эртенки шайлоодо Бакиев 70%, Атамбаев 15 %, Сариев 3% ушул сяктуу жыйынтыкты куто берсек болот.

    ReplyDelete
  2. Janar, adamdarda alardyn dobushu ech nerse ozgortpoit degen sezim bar ekeni kop aitylyp jatat. Andai bolso dobush beruugo kele turgandardyn sany da az bolushu mumkun da. Yavka maselesi da bul jolu maalinuu bolot okshot. Demek ertengki shailoodon kiyin senin prognozdu teksherip korobuz :)

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози