Ойлосом, мен мурда тай агам менен көп деле сүйлөшчү эмес экем. Балалыгымдан эсимде калганы – анын колуна кетмен көтөрүп, таштак бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, оордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", керели-кечке жылдан-жылга бакты караганы... Башынан калпагын түшүрбөй, жакасын жайлата ачып, кетмен көтөргөн кишинин мына ушул образы көз алдымда мөөрдөй сакталып калган тура.
Бир топ жыл четте жүрүп, кайра тагам менен жолукканы анын жанагы таш баскан жанасына келдим. Көргөн көзүмө ишене албай, көкүрөктү бир жагымдуу чымчылай, көздөрдү тойгуза алгыс бир сезимдер курчап турду - бопбоз талаанын оордуна чыныгы бейиштин төр багына келгендей болдум: айлана жапжашыл, алма десең бойго жеткен кыздын үрпүндөй тырсыйган мөмөлөрү шагын сындыргыдай салыптыр, өрүк десең чыныгы дефицит сортко айланган кандек, мурсанжалинден берки Баткенде сейрек кездешип калган өрүктүн күн нурунун чекиттериндей мөмөлөрү тим эле эзилет, суу десең астында жаткан Козу-Багландын шарына кошула үн кошуп, аккан тоонун муздак суусу, чөп белден келип, арасында атайын бакчаларда гана көрүнчү гүлдөр жымыңдайт, бүлдүркөн быжылдайт, керек болсо, бул аймактын эли палоо-ашка кошчу зире да ушул жерде өсөт экен. Ошондо гана энем айтып калчу “Мичурин-тагамдын” мичуриндигине ынандым.
Дайранын жээгинде энем ушул жерлердеги балалыгын эстеп, дарыянын жээгинен таш жыйнады. “Чакмак-таш” ойногонго чакырып жатты.
“Мичурин” тагам Миталиптин багы айылда канча адамга үлгү болуп, анын багбандыгын үйрөнгөндөр канча болду. “Өкмөт элге кайрак жерлерди иштеткиле дебеди беле. Мен да Кыргызстанга пайда келтирип жатам да”, - дейт. Сүйлөгөн сөзү, ойлогон ойлору да ушул бактагы суунун тазалыгындай аппак, абасындай жумшак сезилип турду.
Таң эртелеп туруп, айылдын жолун карадым. Качандыр бир учурда бабаларым чапкан аттардын добушунун оордуна райцентрге жөнөгөн автобустун мотору дырылдайт.
Дүйнө күн сайын өзгөрүп, саат сайын алмашып барат, а бирок бул жерде убакыт токтоп калгандай. “Бейиште чын эле убакытты ченөөнүн деле кажети жок да”, - деген ой келет.

Табият менен гармонияда жашап, аны бузбай, тетирисинче, курган адамдар негизи жашоодо көп эле деп ишенгиң келет. Бирок биз алар жөнүндө эмне билебиз? Силердин да "мичуриниңер" барбы? Келгиле, айткыла, сүрөттөрү болсо - жазгыла!
Comments
Post a Comment