Skip to main content

Кыргызстандын келечегине тынчсызданган чех

Жакында мен Прагадагы кадимки эле дүкөндөрдүн биринде кызыктуу бир адам менен таанышып калдым.

Биз жубайым, кызым менен кассага кезекте турганбыз. Артыбызда бир чех аксакал аялы менен турушкан. Көңүл деле бурган эмесмин. Кызымды колума көтөрүп алган элем. Бир жашка да чыга элек Каныкей чоң-атасын эстеп кеттиби, айтор, ал кишиге жылмайып, ойной баштаган... :)

Сүйлөшө кеттик. Ал чехиялык журналист болуп чыкты. “Азыр пенсиядамын”, - дейт. Биз Кыргызстандан келгенибизди угуп, туура жарым кылым мурда (!!!) Ысык-Көлгө барганын, кыргыз тоолорун дүйнөдөгү эң кооз деп билээрин айта баштады.

Көрсө, бул аксакал Ян Петранек Чехиядагы эң абройлуу ветеран-журналисттердин бири экен. Өлкөдөгү негизги телеканал, радио, гезиттер ага дайыма дүйнөдөгү тигил же бул окуяларды комментарийлеп беришин сурап турушат.

1960-жылдары Чехия мамлекеттик радиосунун СССРдеги, Кытай, Индия, Вьетнам, Ооганстандагы кабарчысы болуп жүрүптүр. “Чыныгы эларалык журналист”, - деп ойлоп калдым. Анан Кыргызстанда жакында апрель окуялары болуп кеткенден кийин, бул аксакалды кокусунан чех каналдарынын биринин сайтындагы комментарийинен таанып калбадымбы! Телефон чалып, көрүшө турган болдук.

Көрүштүк. Анан мына бул интервью жасалды. Окуп көргүлө.

Comments

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.