Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди. Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат.
Жанар Акаев: Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт?
Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча белгисиз чакан мамлекетти үч эле макала жаманатты кылып коет экен, окурмандарды чын эле ал жакта “кыргын” болуп жатыптыр деп ишендирип коюшат. Ошон үчүн мен Ошто эмне болуп жатканын өз көзүм менен көргүм келди.
Аэропорттон түшкөндө эле кырдаалдын оор экенин байкадым. Куралчан аскерлер, кубарган шаар... Мени өзгөчө жакындарын жоготуп, сүрөттөрүн көтөрүп издеп жаткан адамдардын көздөрү кейитти. Ар бирибиз алардын тагдырын өз ордубузга коюп көрөлүчү, мен кызымды дайынсыз жоготсом кандай абалда болот элем? Ушулардын баарын көрүп, Оштон чыгып баратып, аэропортко келгенде көзүмдөн жаш токтобой койду. Менин жүрөгүм азыр Ошто калгандай сезилет...

Comments
Post a Comment