Skip to main content

Жексондун жез кемпирчелери

Кечээ Праганын борборундагы Вацлав аянтында баратып, кызыктуу окуяга кубо болдум. Жолдон баратсам, дангыр-дунгур музыка чыга баштады. Болгондо да Майкл Жексондун "Thriller" деген ыры.
Анан эле жолдун ары жагынан агылып келген 200 жакын адам (бети-башы Жексондун клипиндегидей боелгон) силкилдеп бийлей башташты.

"Деги бул эмнеси?" дегиче болбой экинчи ыр, анан учунчу. Жанагы топтолгондор бирдей бийлешет, жакшы даярданышкан.
Ай, корсо булар Майкл Жексонду эскерип жатышыптыр (бугун ырчынын туулган куну). Кийин мен алар менен бирге баса бердим, шаардын борборундагы дагы кеминде эки аянтта ушинтип бийлешти.

Туристтер, ары-бери баскандар оозу ачылып, улам суротко, видеого тартып жатышат.
Жексондун жез кемпирчелери улуу генийдин атын чакырып, дуулдап, Праганы башына которуп жатышты. Канча бир саамга Прага мага чын эле жомоктой корунуп кетти.

А менде ошол учурда болгону колумдагы чонток телефонум бар эле. Ушуларды гана тарта алдым. Бирок идеясы жакты.
"Поп музыканын падышасынын" жаркын элесине арналган дагы кандай кызыктуу окуяларды коро алдынар? Комментарийге жазгыла! :)

Comments

  1. Кыргызстандын эгемендуулугуно карата 31-августта да ушуга окшогон флеш-моб уюштурсак сонун болмок. Чын эле булар жакшы даярданышыптыр.

    ReplyDelete
  2. Биз анда араң турган Отунбаева эжебиздин жүрөгүн тушуробуз го Касым! Дагы эмне болуп кетти деп...

    ReplyDelete
  3. ха-ха! :) Жакшы идея, Касым! Президент да муну колдомок, анткени ал өзү да флеш-мобдордун активдүү катышуучусу болгон. Эсиңерде болсо, быйыл эле 8-мартта ал бир топ белгилүү аялдар менен кошулуп, Ала-Тоо кионетеатрынын жанында аялдарга гүл таркатып жүрбөдү беле? :)))

    ReplyDelete
  4. Чындап эле жомоктогудай, кинодогудай!!! Мындай көрүнүштү өз көзү менен көргөн адам жомоктун ичине кирип чыккандай эле болсо керек… Бали-бали!!!

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози