Кыргызстанда Садык Шер Нияз тартып жаткан "Курманжан датка" көркөм фильминин трейлери жарыяланды.
Мен бул режиссер менен жеке тааныштыгым жок. Анын бир да тасмасын көрө элекмин. Бирок ал Кыргызстан үчүн, кыргыздар үчүн тарыхый эле эмес, намыс үчүн да маанилүү бул ишке киришкенде өлкөдөгү көпчүлүк киночулар ага каршы болушканын билем. Азыр эми фильм толук көрүүчүлөрдүн назарына сунуштала электе эле ага жаман же жакшы деп баа берген болбойт. Ошондуктан күтө туралы. Тасманы көргөндөн кийин гана өзүмдүн жеке пикирим менен бөлүшөм. Азырынча трейлерди көргүлө.
Comments
Post a Comment