Skip to main content

Posts

Kyrgyz Opposition holds demonstration

Kyrgyz Opposition Forces are holding demonstrations in the capital city of Bishkek and other cities of the country. Today, in the morning I have witnessed the beginning of demonstrations at M.Gorkyi square in the centre of Bishkek. There were around 1500 people, and many of them supported opposition leaders’ speech calling for change the President Bakiev’ regime. Here are some pics I’ve taken from that meeting… You can find more information following the web site of Radio Azattyk (Kyrgyz), and English language main web-site of our radio Free Europe/Radio Liberty

Аликбек Жекшенкулов бир айга камалды

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго киши өлтүрүү кылмышына катышы бар деген айып угузулду. Аны баш коргоо чарасын өзгөртүп камактан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү сот четке какты. Оппозициячыл саясий ишмер 9-апрелге чейин Улуттук Коопсуздук кызматынын СИЗОсунда кармалат. ( Макаланы толук окуу... )

“Кыргызча жаңырган” жапон барабаны

Кыргызстандагы жаштар арасында жапон маданиятына кызыгуу артып баратат. Мындан беш жыл мурда кыргыз жаштарынан жапон элинин барабанында (же “тайкодо”) ойногондордун тобу түзүлүп, алар аны “Ooedodaiko” деп атап алышкан эле. Алар ошондон бери эки концерт берип, былтыр тажрыйба алмашууга Жапонияга да барып келишти. Кыргыз жаштарынын бул тобу 7-мартта “Сейтек” борборунда кезектеги концертин беришти. ( Макаланы толук окуп, аудиосун да ук )

Эдил Байсалов: Акаевдин бийлиги кулаганда ким сүйүнгөн жок?

Эдил Байсалов - “март ыңкылабындагы” негизги фигуралардын бири. Ал учурда Байсалов 170 бейөкмөт уюмдун башын бириктирген Ассоциацияны жетектечү. Бүгүн эми ал өлкөдөн качып, чет мамлекетте баш калкалоого муктаж болуп турган чагы. Төрөкул Дооров: -“Ыңкылап өз балдарынын боорун жей баштады” деп айтып калышат. Сиз да учурунда 24-марттагы окуялардын болушуна чоң салым коштуңуз эле. Бүгүн эми өлкөдөн качып, жашырынып жүргөнгө мажбур болуп олтурасыз. Ыңкылапты жасаганыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү? Эдил Байсалов: - Жок. Биз акты ак, караны кара деп айтып турганыбызга эмнеге өкүнүшүбүз керек? Акаев азыр ичип-жеп, жыргап жүргөн чиновниктердин “чоң-атасы” болчу. К.Бакиев да азыр эми “Акаевдин эң сүйүктүү окуучусуна айланып”, анын ишин улантып жатат. Биз ошондо болгонун болгондой айтып турганбыз. Ыңкылапка аз эле убакыт калганда Бакиевге куугунттук болуп, Жаныш Бакиевди “акча жасады”, “көз боемочулук кылды” дегенде, ага каршы оюбузду билдирип турдук эле. Биз ага эмнеге өкүнмөк элек? ( Интервьюну толуг...

Кулда кулак жок

10-февралда Human Rights Watch эларалык уюму Орусиядагы мигранттардын абалын иликтеген баяндамасын жарыялады. Анда уюм орус өкмөтүн мигранттардын укугун коргоп, алардын жумуш шарттарын жакшыртууга чакырган. ( Макаланы толук окуу... )

2008: Скинхеддердин чабуулу күчөдү

2008-жылы Орусияда скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны тарыхта болуп көрбөгөн жогорку чегине жетти. Расмий кабарларда үч кыргыз жараны былтыр орусиялык улутчул "такырбаш" жаштардын колунан набыт болгон делет. Укук коргоочулар скинхеддер ондон ашуун кыргыз жаранын өлтүрүштү дешет. (Макаланы толук окуу...)

Азиз Бейшеналиев: “Мустафа Шокай” өз максатына жетти

20-ноябрда Алматыда режиссер Сатыбалды Нарымбетовдун “Мустафа Шокай” тасмасынын бет ачаары өттү. Көп жылдар бою “эл душманы” аталып келген Мустафа Шокайдын тагдырына тасмада башкача баа берилген. Башкы ролду кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев аткарган. Төрөкул Дооров: Азиз, биз сиз менен бир жарым жылдай мурдараак Прагада жолугушкан элек . Ал учурда сиз Түркстандын атактуу саясий ишмери Мустафа Шокай жөнүндө тасмада башкы ролдо тартылып жүргөн кезиңиз болчу. Бир нече күн мурун Казакстанда ал тасманын ачылыш аземи өттү. Көрармандар, сынчылар тасманы кандай кабыл алышты? Азиз Бейшеналиев: Билесиңби, кинону адамдар кандай кабыл алышканын билүү мен үчүн бир топ кыйыныраак, анткени мен Казакстанда жашабайм (Азиз акыркы он эки жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада турат – ред.). Андыктан мен ал жерде аябай аз убакыт өткөрөм. Өткөн сентябрь айында Астанада “Евразия” кинофестивалы өттү. Ошол жерде фильм алгачкы жолу көрсөтүлгөн. Кийин Алматы, Астана шаарларында да 20-ноябрда фильмдин ачылышы бо...