Ойлосом, мен мурда тай агам менен көп деле сүйлөшчү эмес экем. Балалыгымдан эсимде калганы – анын колуна кетмен көтөрүп, таштак бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, оордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", керели-кечке жылдан-жылга бакты караганы... Башынан калпагын түшүрбөй, жакасын жайлата ачып, кетмен көтөргөн кишинин мына ушул образы көз алдымда мөөрдөй сакталып калган тура. Бир топ жыл четте жүрүп, кайра тагам менен жолукканы анын жанагы таш баскан жанасына келдим. Көргөн көзүмө ишене албай, көкүрөктү бир жагымдуу чымчылай, көздөрдү тойгуза алгыс бир сезимдер курчап турду - бопбоз талаанын оордуна чыныгы бейиштин төр багына келгендей болдум: айлана жапжашыл, алма десең бойго жеткен кыздын үрпүндөй тырсыйган мөмөлөрү шагын сындыргыдай салыптыр, өрүк десең чыныгы дефицит сортко айланган кандек, мурсанжалинден берки Баткенде сейрек кездешип калган өрүктүн күн нурунун чек