Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Арслан Капай уулу

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү тууралуу роман жарык көрдү

Бишкектеги "Бийиктик" басмаканасы тарыхчы жана журналист Арслан Капай уулу Койчиевдин "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романын басып чыгарды. Чыгарма кыргыздардын 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө арналып, ал окуялар Мукай Камбаров, Камбар болуш, Нарбото, Карагыз апа сыяктуу каармандарлын тагдыры аркылуу сыпатталган. "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш") романы кыргызстандык сынчы-адабиятчылардын жылуу пикирин жаратууда дешет китептин мазмуну менен таанышып чыккандар. Көлөмү он беш басма табактан бир аз ашыгыраак роман 1000 нускада жарык көрүп, жакынкы күндөрү китеп дүкөндөрүнө түшмөкчү. (Романдын бир бөлүгүн бул жерден окуңуз... )

"Беделдин белиндеги каргыш" жакында басылат

Силерге бир жаңылык айтайын деп турам: Азыр эле журналист Арслан Капай уулу менен сүйлөштүм. Буюрса, жакынкы күндөрү "Беделдин белиндеги каргыш" чыгармасы Бишкектеги "Бийиктик" басмаканасынан китеп болуп чыгат экен. Анын ачылышы да Бишкекте өтө тургандай (качан экендигин кийин тактап, жазам). Ошентип, кыргыз адабияты Улуу Үркүн жөнүндө мыкты тарыхый-адабий чыгарма менен толукталганы турат.

Улуу Үркүн жөнүндө повесть

Жакында кыргыздар 20-кылымдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскеришти. Жамы журт анда кырылып калган кыргыздын кайгысы тууралуу сүйлөдү, ичтен сызып, жашын жута ошол окуянын не геноцид, не баскынчылык, не бир башка аттарын айта албай, тарыхка баасын бере албай турду. Мезгили келгенде, буга тарых өзүнүн сөзүн айтаар. Азырынча ошол мезгилдин адабий, көркөм жагына кайрылалы: Белгилүү журналист, тарыхчы Арслан Капай уулу жакында мына ошол Улуу Үркүн окуялары жөнүндө көркөм чыгарма жазды . Орусиядагы кыргыз режиссеру Нурбек Эген “Беделдин белиндеги каргыш” деген ошол повесттин негизинде көркөм тасма да тарта турганын “Азаттыкка” билдирген . Мен ошол повесттин алгачкы окурмандарынын бири болгонума аябай кубанып турам. Азыр эми автордун өзүнүн уруксатын алгандан кийин, силерге да анын бир бөлүгүн көрсөтөйүн дедим. Ой-пикирлерди ушул жерге калтырыңыздар. Автордун өзү менен байланышам десеңиз, мына бул даректерге жазсаңыз болот: arslan.koichiev@bbc.co.uk же: arslankoichiev@gmail.com (Сүрөт ...