Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Торокул Дооров

"Зирегим менин..."

Айласыз карап алыстан, тамчыга толгон көздөрүң. Өзүмөн, билем, келет көргүң. Элесин ата сагынган. Мен сени ыйлаткан күнү жаныма жан бербейт өкүм, чыгарган өзүмө өзүм. Айтылбай калат сөзүм -                        “Зирегим менин...” 14.06.2013

Жамгырлуу күндөр

Сыртта жамгыр, ичте жалын - өрттөнөм. Жалгыздыкта өлүмгө окшош жүзү бар. Алыстарды, алыс жанды ойлосом, Бул караңгы күндөрүмдө аалам тар. Көптөн бери күндүн сары жүзү жок. Нечен тамчы ай ааламды жуудуруп, Кудум дүйнө кири кетпей койгондой, Кудум Кудай сунат бизге аруулук. (Июнь.2013)

Менин Москвам (сурот-баян)

Жакында эс алып Москвада болдум. Эсинерде болсо, мен бир нече жыл мурда "Менин Орусиям" деген фото-баян жасаган элем. Быйыл сентябрда болгондо ошону улантууну чечтим. Мен билген Москва кандай озгорду? Мына ушул жердеги суроттордон коргуло.           Буга чейинки "Менин Москвам" фото-баяндар: http://torokul.blogspot.com/2007/09/my-moscow.html http://torokul.blogspot.com/2007/09/my-moscow-part-2.html  

Баткендик килемчи

Баткендик килемчи Кибирахан Туйгунова кыргызстандык кол өнөрчүлөргө кеңири таанымал. Мен жакында анын үйүндө болуп, килемчинин эмгектери менен таанышып келдим. Аны менен интервью-сүрөттөрүмдү көргүңөр келсе, бул жакка киргиле .

Кадимки күн

Кадимки күн, Кадимки сөз, илептер. Алыста барат поезд. Баратат учуп ак түтүн. Жалгыздык – жалган. Жалгыздык - арман, Жалгыздык сараң... Эстетет баарын, а неге атпайт таң? Ноябрь беши. Кайрылып келбейсиң эми, Ортодо калат үшкүрүк. Тозоктон эмес, сезимим бар бейиштен кийинки... Кадимки түн, Кадимки көз жаш, бакыт - күң. Ыраазы боло бил ааламда сендей бир башка бар үчүн. (23.06.2011. Прага)

Кудай кошкон кошуна

Бул куру сөз эмес. Мен тай-тай басып, нанды “нана” деген кезимде биз Лейлектин борбору Исфанага көчүп келдик. Үйүбүз сегиз бөлмөлүү “орустун узун үйлөрүнөн” эле. Чыгыш жагындагы эшигинде Момунжан ака менен Гүлнара апа Дилфуза, Толкун, Шухрат деген балдары менен жашашчу. Батыш жагынан биздин үйдүн эшиги ачылчу. Бирок эки үй-бүлөнү бир шыйпырдын астында 17 жыл баккан бул үйдүн эки учун бири-биринен бөлгөн тосмо жок эле. Ошол муштумдай кезимде досторумдун кимиси кыргыз, кимиси өзбек экенин деле жакшы аңдаган эмес экенмин. Балалыктын ал дүйнөсүндө улут-улут болуп бөлүнүү жат болчу. ( Уландысы бул жакта )

Африканын жарандык поэзиясы

“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында мен Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баяндадым .

Photo-report: Балалык менен жолугушуу

Мен жакында үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып келдим. Акыркы жолу мекенимдин абасын жутуп, нанын жеп, ажайып кооз тоолорун көргөнүмө, эч тойбос суусунан ичкениме дээрлик эки жыл болуп калган эле. Айылда ата-энемди көрүп, бир жыргадым. Лейлектин Көк-Таш айылында кайын журтум жашайт. Ал жерде жубайым экөөбүз чыгып, айылдын жаш балдары менен чана тептик!!! :) Эми бул жакта экөөлөп тартып калган сүрөттөрдөн отчет-баянды көргүлө. 8-класстын окуучусу Нурсултандын чыгармачылыгы - коньки! Мындай конькини мен көрө элек болчумун. Айылдагы жаш балдар, чоң шаарлардагылардан айырмаланып, кымбат баалуу спорт-дүкөндөрүнө бара алышпайт, профессионалдык коньки, лыжа сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жок десе, жок экен деп отура бербей, өздөрү телевизордон көргөнүн жасап алышкан. Балдар баары чурулдашып, мага конькини кантип кийип, кантип тепкенди көрсөтүп жатышат. Мен бир аракет кылып көрдүм, болбоду - практика жетишпейт экен :) Балдар катарга туруп алып, баары бирдей чанага жыгылышат. Менин эле...

У.Дэниэлс: Мени адамдын тагдыры кызыктырат

Кандай гана илдет болбосун, анын жузу дени сак адамга жат, чоочун, трагедиялуу корунот... Озгочо жаш балдар оорубасын... Бирок андан кача албайт экенсин. Мындан 4 жыл мурда дуйнодо ар бир 30 секундада бирден жаш бала безгектен (малярия) коз жумуп турган. Олгондордун копчулугу Африкада. Уиллиям Дэниэлс ошол безгектин курмандыктарын, алардын омурун сактап калууга жасалып жаткан аракетти фото пленкага жаздырып, тартып жургонуно коп болду. Мына бул жердеги суроту учун ал учурунда дуйнодогу фотожурналисттердин эн абройлуу сыйлыгын да уткан эле. Франциялык бул фотожурналист менен мен алгач Кыргызстан эки ирет (ал туберкулезду, эки ынкылапты, экологиялык оор абалды тарткан) жолуккам. Кийинчерээк Парижде коруштук. Анан кечээ Безгекке каршы курошуунун дуйнолук кунундо ага Парижге телефон чалдым. Чарчанкы суйлоду. Граждандык согуш болуп жаткан Ливиядан эми эле келген экен, оор сапар болду дейт. Аны менен интервьюну бул жерден окугула. ( Суротто: Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү м...

Жаштарды айылга чакырган эне

Мен жакында эс алганы Лейлекке ата-энеме барып келдим. Күн аябай суук болду. Ал жактын эли кыйынчылыктарга карабай, бир топ эле оокатын оңдоп алыптыр. Мал багып сатуу өзүнчө бир чоң бизнеске айланып кетиптир. Жакшы саан уйду эки жыл мурда 15 миң сом болот деп уккан элем. Быйыл 50 миңден сатышат экен - жагымдуу таң калтырат :) Малдын баарын тажиктер алып кетишет экен. Ал жакта өздөрүнүн элине этин сатабы, же андан ары Иранга айдайбы - аны териштире албадым. Бирок андан жергиликтүү эл бир топ пайда көрүп жаткан экен. Мына ошондой энелердин бири Бүайлар Сулайманова менен Көк-Таш айылында маектешкен элем. Аны "Азаттыктан" кеңири окуп, уксаңар болот. Отчетум ушул жерде :)

"Данисте": Баткенде төрөттөн өлгөндөр эмне үчүн көбөйдү?

Дагы көпкө жоголуп кеткениме үзүр. Кыргызстанга барып келдим. Ата-энемди, туугандарды, досторду көрдүм. Айылды көрдүм... Көп нерсе мурдагыдай, дагы көп нерсе өзгөрүптүр. Айылга барганым жөнүндө отчетту өзүнчө жазайын. Азырынча "Данистеден" дагы бир шиңгил. Бул жолу алыскы Баткен облусунан келген мыкты радио-баян болот. Айрым айылдарда оорукана эмес, бир дарыгери да жок. Мына ошондой жерлерде адам ооруса, өзгөчө төрөт учуру келген аялдар кантишет? Жеңиш Айдаровдун макаласына шилтеме бул жакта!

Жексондун жез кемпирчелери

Кечээ Праганын борборундагы Вацлав аянтында баратып, кызыктуу окуяга кубо болдум. Жолдон баратсам, дангыр-дунгур музыка чыга баштады. Болгондо да Майкл Жексондун "Thriller" деген ыры. Анан эле жолдун ары жагынан агылып келген 200 жакын адам (бети-башы Жексондун клипиндегидей боелгон) силкилдеп бийлей башташты. "Деги бул эмнеси?" дегиче болбой экинчи ыр, анан учунчу. Жанагы топтолгондор бирдей бийлешет, жакшы даярданышкан. Ай, корсо булар Майкл Жексонду эскерип жатышыптыр (бугун ырчынын туулган куну). Кийин мен алар менен бирге баса бердим, шаардын борборундагы дагы кеминде эки аянтта ушинтип бийлешти. Туристтер, ары-бери баскандар оозу ачылып, улам суротко, видеого тартып жатышат. Жексондун жез кемпирчелери улуу генийдин атын чакырып, дуулдап, Праганы башына которуп жатышты. Канча бир саамга Прага мага чын эле жомоктой корунуп кетти. А менде ошол учурда болгону колумдагы чонток телефонум бар эле. Ушуларды гана тарта алдым. Бирок идеясы жакты. "Поп музыканын...

Вино?

Мен кээде озумо такыр муноздуу эмес темалар боюнча жазгым келип калат. Анан жазам. Башка бир учурларда озумо кызыксыз темалар учун жазууга мажбур болом, кыйналам. Бирок жазам. Бул тема мага кызыктуу, бирок мен учун жаны нерсе болду - вино! Аны ичкенди билгеним менен эксперттин денгээлинде жакшысын начарынан ажырата алчу эмесмин. Томондогу бул макаланы "Азаттык" учун даярдап журуп, вино тандоо боюнча адис болуп калдым окшойт :) Адис болуп калганым макаладан сезилеби? Окуп, угуп коргуло да, оюнарды айткыла. P.S. Айтмакчы, угуш учун ошол беттин он капталын карасанар "Угуу" деген жери бар. Ошол жерден уккула.

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл. "Азаттыкта" мен ушул көрүнүштүн курмандыктарынын биринин тагдыры жөнүндө видео-материал жасадым. Кыз ала качуу тууралуу силердин оюңар кандай?

Путиндин доору

Владимир Путин орус саясатында аты чыга баштаганына туура 10 жыл болду. Мен бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” макала жаздым . Бирок Путинге, анын “дооруна”, саясатына карата менин жеке пикирим, албетте, анда жазылган жок. Алар жөнүндө кыскача ушул жерде силерге айтайын деп турам... В.Путиндин аты алгач дүйнөгө жар салынганына азыр 10 жыл болсо, ал мамлекетти де-юре сегиз жылдай бийледи (калган эки жылы премьер-министрлик кызматта өттү). Мына ушул мезгилдин жети жылын мен Орусияда өткөрдүм. Менин студенттик мезгилим да, журналисттик алгачкы кадамдарым да дал ушул мезгилге туш келди. Путиндин аты менен байланышкан чуулгандуу окуялар: Дубровкадагы “Норд-Ост” окуясы, Бесландагы мектепке чабуул, Чеченстандагы кырдаал, Москвадагы метро станциялардагы жана башка жерлердеги жардыруулар , скинхеддердин баш көтөрүшү, орус олигархтарына чабуул, журналист Анна Политковскаянын өлүмү , кийин Борис Ельциндин дүйнөдөн кайтышы, В.Путиндин экинчи президенттик мөөнөтү, парламенттик шайлоо, Д. Медведев менен...

Биздин “мичурин”

Ойлосом, мен мурда тай агам менен көп деле сүйлөшчү эмес экем. Балалыгымдан эсимде калганы – анын колуна кетмен көтөрүп, таштак бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, оордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", керели-кечке жылдан-жылга бакты караганы... Башынан калпагын түшүрбөй, жакасын жайлата ачып, кетмен көтөргөн кишинин мына ушул образы көз алдымда мөөрдөй сакталып калган тура. Бир топ жыл четте жүрүп, кайра тагам менен жолукканы анын жанагы таш баскан жанасына келдим. Көргөн көзүмө ишене албай, көкүрөктү бир жагымдуу чымчылай, көздөрдү тойгуза алгыс бир сезимдер курчап турду - бопбоз талаанын оордуна чыныгы бейиштин төр багына келгендей болдум: айлана жапжашыл, алма десең бойго жеткен кыздын үрпүндөй тырсыйган мөмөлөрү шагын сындыргыдай салыптыр, өрүк десең чыныгы дефицит сортко айланган кандек, мурсанжалинден берки Баткенде сейрек кездешип калган өрүктүн күн нурунун чек...

Илхамдын очогу

Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлек районунда ушундай бир "бейиш жерлер" бар. Акын Курбаналы Сабыровдун ырларында көп кездешкен Козу-Баглан дайрасынын шар үнүн, жээктеги чөптүн ташка айткан сырын угуп, бул жердеги тоолор нечен кылымды карытып жатат... Жогорудагы сүрөттөгү жерди менин ыраматылык тайэнем "Апак" деп атап койчу. Бу жердеги боз адырлар этегин көрсөткүчү жок... Мен ушундай жерлерди көргөндө, чынын айтсам, сүрөтчү иниме кызганып кетем. Бул - Лейлектеги Белес айылына бараткан жолдогу көрүнүш - атамдын сүйүктүү жери, акын үчүн илхамдын чыныгы уюгу Мына бул жерге мен дайыма келгим келе берет. Катраңдан Өзгөрүш деген айылга кирип бараткан жол. Чындап эле ушул жерде аалам "өзгөрөт"... Белестин түрүлгөн билеги :) Мен бүгүн силерге өзүмдүн эң сүйүктүү жерлеримдин бирин көрсөттүм. Сүрөттөр да өзүмдүкү. Эми силер да Кыргызстанда өзүңөрдүн сүйүктүү жерлериңер менен бөлүшпөсөңөр болбойт го? :)