Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Мустафа Шокай

Азиз Бейшеналиев: “Мустафа Шокай” өз максатына жетти

20-ноябрда Алматыда режиссер Сатыбалды Нарымбетовдун “Мустафа Шокай” тасмасынын бет ачаары өттү. Көп жылдар бою “эл душманы” аталып келген Мустафа Шокайдын тагдырына тасмада башкача баа берилген. Башкы ролду кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев аткарган. Төрөкул Дооров: Азиз, биз сиз менен бир жарым жылдай мурдараак Прагада жолугушкан элек . Ал учурда сиз Түркстандын атактуу саясий ишмери Мустафа Шокай жөнүндө тасмада башкы ролдо тартылып жүргөн кезиңиз болчу. Бир нече күн мурун Казакстанда ал тасманын ачылыш аземи өттү. Көрармандар, сынчылар тасманы кандай кабыл алышты? Азиз Бейшеналиев: Билесиңби, кинону адамдар кандай кабыл алышканын билүү мен үчүн бир топ кыйыныраак, анткени мен Казакстанда жашабайм (Азиз акыркы он эки жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада турат – ред.). Андыктан мен ал жерде аябай аз убакыт өткөрөм. Өткөн сентябрь айында Астанада “Евразия” кинофестивалы өттү. Ошол жерде фильм алгачкы жолу көрсөтүлгөн. Кийин Алматы, Астана шаарларында да 20-ноябрда фильмдин ачылышы бо...