Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Nurbek Egen

Нурбек Эген: Максатым - доорду чагылдырып калуу

Кыргызстанда майда кинорежиссер Нурбек Эгендин жаңы тасмасы көрсөтүлө баштайт. Учурунда жалпы көрармандарга “Аталар керээзи”, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген эмгектери менен кеңири таанылган режиссер бул ирет кыргыз коому үчүн учурдун башкы социалдык көйгөйүнө айланган миграция темасына кайрылды. Фильмдин маани-маңызы тууралуу кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун “Тасма” автордук программасында режиссер Нурбек Эген өзү жана фильмде башкы каармандын ролун ойногон Марал Койчукараева эксклюзив маектеринде айтып беришет. Программаны бул жактан окуп, уксаңар болот .

Нурбек Эген: Манас жакында төрөлөт

Кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасмасын дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу режиссер «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди. Нурбек Эген: Буюрса, тилеген тилектер орундалса, майдын аягында бүтүрөм. Анан аны-муну болуп, күздүн орто ченинде же аягында кыргыз элине көрсөтө баштайм. Тасма азырынча толук тартылып бүтө элек. Кыйтайлык кыргыздарга, анан түрк кыргыздарына барып, бир каарманды тартышым керек. Андан ары жапондордун Токия шаарында да бир каармандын үйүнө барып, ошол жактан тартыш калды. Ошону бүтүргөңдөн кийин, анан фильмди бүтүрдүм десем болот. Бирок ага чейин эле киного керектүү материалдарды топтоо дурус жүрүп жатат. Жалпысынан 12 сааттык материал топтолду. Ошонун ичинен эки сааттык даректүү тасма болот. Азыр Бишкекте жүрөм. Бир аптадан бери кыргыздын мамлекеттик архивинде көптөгөн эски тасмаларды, эски сүрөттөрдү таап көчүрдүм. Андан сырткары, кыргыз элинин эгемендүүлүктү алгандан кийинки олуттуу оку...