Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Эсенбай Нурушев

Тилдеги жаңы-эски сөздөр

Биз журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндө талкууну улантабыз. Маектин буга чейин бөлүгүн мына бул жерден окуңуз : Анан төмөндө маектин уландысын окугандан кийин, өзүңүздүн пикириңизди да калтырууну унутпаңыз. Кыргыз журналистикасында кыргыз тили кандай колдонулуп жатканы жөнүндө Эсенбай агайга суроо болсо, жазгыла. Келеркисинде жооп алганга аракет кылам. ... - Бирок эски сөздүктөрдүн азыркы практикага пайдасы тиеби? Азыр заман башка, доор башка, алардан көрө учурга ылайык сөздүктөрдү чыгарышпайбы деп айтчулар да табылышы ыктымал. Буларда баарыдан мурда сөз жатат, сөздү аңтарсаң тарых чыгат. Кашгариде, маселен, отуз чакты элдин аты аталган, алардын арасында башгирт, хыргыз, уйгур, хытай бар, калгандары азыр жок. Ал эми орхон-енисей жазмаларында азыркы биздин тилдеги сөздөр жайнап жүрөт, айрым сөздөр, атүгүл айтымдар ошол формасынан бузулган эмес: түн, күндүз, үчүн, кара теримди төктүм, кызыл канымды жүгүрттүм ж.б. Ушундан улам аларга салыштырып, кыргыз сөздөрү кантип өзгөр...

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози...

Улуттун урку тилинде

Азыркы кыргыз журналистикасы, чынында, оор мезгилди баштан кечирип жатат. Кыргызча басылчу кайсыл гезитти, журналды ачпаңыз, кайсыл теле-радиону укпаңыз, кабарчылардын тилинен толгон-токой катаны табасыз. Бул иренжитет, кыйнайт, ойлонтот... Тилдин тазалыгы эмнеден башталат? Бул суроону биз белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен көп талкуулайбыз. Ошол талкууга силер да кошулгула. Сөздү үтүрдөн (,) баштайлы. -- ҮТҮРДҮН ҮЛКӨН ЖҮГҮ - Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү? - Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи… - Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер. - Анда башта… - Күүнүн башы Камбаркан дегендей, сөздү ушу үтүр-чекиттен баштайлы деп сунуш кылат элем. Тыныш белгилери эмне үчүн керек? - Муну эми баары эле билет, б...