Skip to main content

Posts

Showing posts with the label torokul

Photo: Алгачкы жеңишим

Мен бул жаңылыкты кечигип кабарлап жатам: Былтыр Лейлекте сүннөт тойдо тарткан сүрөтүм Transitions Online (TOL) уюмунун фотоконсурсунда Маданият деген бөлүмдө жеңди. Мына бул жерде мен иштеген "Азаттык" радиосу бул жөнүндө жазган кабар бар.

Демократия жетимсиреди

Чехия аза күтүп жатат - демократиянын атасы, коммунисттик оккупацияга каршы уюштурулган "баркыт ыңкылабынын" негизги лидери Вацлав Гавел узак оорудан соң көз жумду... Менин жашоомдо соңку 10 жылдан бери "Азаттык" радиосу канчалык чоң орунду ээлеген болсо, анын чех жеринде иштеп калышына, демократия башат алган жерлердин биринде байыр алышына Гавелдин салымы да ошончолук чоң болгон. Кечээ кечинде колдоруна шам чырактарды көтөргөн прагалыктар борбордук аянтка чогулуп, Гавелди эскерип жатышты... Мен ал жерде бүгүн да эл таркабай турганын көрдүм. Чыныгы элдик лидердин өлүмүнө эл чындап кайгырып турду.

Менин Москвам (сурот-баян)

Жакында эс алып Москвада болдум. Эсинерде болсо, мен бир нече жыл мурда "Менин Орусиям" деген фото-баян жасаган элем. Быйыл сентябрда болгондо ошону улантууну чечтим. Мен билген Москва кандай озгорду? Мына ушул жердеги суроттордон коргуло.           Буга чейинки "Менин Москвам" фото-баяндар: http://torokul.blogspot.com/2007/09/my-moscow.html http://torokul.blogspot.com/2007/09/my-moscow-part-2.html  

Кудай кошкон кошуна

Бул куру сөз эмес. Мен тай-тай басып, нанды “нана” деген кезимде биз Лейлектин борбору Исфанага көчүп келдик. Үйүбүз сегиз бөлмөлүү “орустун узун үйлөрүнөн” эле. Чыгыш жагындагы эшигинде Момунжан ака менен Гүлнара апа Дилфуза, Толкун, Шухрат деген балдары менен жашашчу. Батыш жагынан биздин үйдүн эшиги ачылчу. Бирок эки үй-бүлөнү бир шыйпырдын астында 17 жыл баккан бул үйдүн эки учун бири-биринен бөлгөн тосмо жок эле. Ошол муштумдай кезимде досторумдун кимиси кыргыз, кимиси өзбек экенин деле жакшы аңдаган эмес экенмин. Балалыктын ал дүйнөсүндө улут-улут болуп бөлүнүү жат болчу. ( Уландысы бул жакта )

Африканын жарандык поэзиясы

“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында мен Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баяндадым .

Жаштарды айылга чакырган эне

Мен жакында эс алганы Лейлекке ата-энеме барып келдим. Күн аябай суук болду. Ал жактын эли кыйынчылыктарга карабай, бир топ эле оокатын оңдоп алыптыр. Мал багып сатуу өзүнчө бир чоң бизнеске айланып кетиптир. Жакшы саан уйду эки жыл мурда 15 миң сом болот деп уккан элем. Быйыл 50 миңден сатышат экен - жагымдуу таң калтырат :) Малдын баарын тажиктер алып кетишет экен. Ал жакта өздөрүнүн элине этин сатабы, же андан ары Иранга айдайбы - аны териштире албадым. Бирок андан жергиликтүү эл бир топ пайда көрүп жаткан экен. Мына ошондой энелердин бири Бүайлар Сулайманова менен Көк-Таш айылында маектешкен элем. Аны "Азаттыктан" кеңири окуп, уксаңар болот. Отчетум ушул жерде :)

"Данистеден" бир шиңгил

Мен начар блоггер окшойм. Үч айдан ашык убакыттан бери блогумду жетимсиретип, бир да сап жазган жокмун. Буга себеп көп. Чынында жаза турган нерсе деле жок болчу... Кээде бул жерге өзүм "Азаттыкта" жазган макалаларды да коюп турам. Бүгүн жеке өзүмдүн эмес, бир кесиптешим менен бирге даярдаган макала тууралуу кабар берсем деген ниетим бар. Бул - биз "Азаттыкта" жаңы баштаган "Данисте" аттуу документалдуу баяндардын түрмөгүнө алгачкы салымын кошкон Эрнист Нурматовдун макаласы. "Данисте" келерки айда дагы бир көйгөйлүү проблеманы - 21-кылымда врачы-догдуру жок төрөгөн кыргызстандык аялдар жөнүндө айтып берет. Алар жыргаганынан минтип жатышкан жок. Борбордон алыс жайгашкан бир топ айыл-кыштактарда оорукана бери турсун, бир акушери да жок экенин билсеңиз керек. Ошолор жөнүндө Баткендеги кабарчыбыздын макаласы болот. Сөзсүз кабар берем.

Голландия: “Гауда” быштагын татып көрүңүз

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “ Голланд сыры ” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “ Гауда ” дешет. Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө. Мен жакында ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен тааныштым.

Is Kyrgyzstan's Interim Government Equal To The Crisis?

By Torokul Doorov, Charles Recknagel The fast-moving crisis in southern Kyrgyzstan -- where some 400,000 people have been displaced amid deadly ethnic violence -- would be enough to challenge even the most stable government. But the interim administration of Roza Otunbaeva, propelled to power amid street fighting in Bishkek two months ago, often seems particularly ill-prepared for the task. The government's difficulties were highlighted today as acting Prime Minister Otunbaeva flew to Osh to reassure her countrymen the worst was over. But as she met with officials and visited a hospital, she stayed away from the city's devastated Uzbek neighborhoods, where hundreds of Uzbeks remain huddled behind massive barricades and unidentified gunmen continue to fire rounds. Otunbaeva gave no reason for staying out of the danger zone. But her decision risked giving the impression that neither she nor the military commanders who report to her have the power to move freely through the city....

Вино?

Мен кээде озумо такыр муноздуу эмес темалар боюнча жазгым келип калат. Анан жазам. Башка бир учурларда озумо кызыксыз темалар учун жазууга мажбур болом, кыйналам. Бирок жазам. Бул тема мага кызыктуу, бирок мен учун жаны нерсе болду - вино! Аны ичкенди билгеним менен эксперттин денгээлинде жакшысын начарынан ажырата алчу эмесмин. Томондогу бул макаланы "Азаттык" учун даярдап журуп, вино тандоо боюнча адис болуп калдым окшойт :) Адис болуп калганым макаладан сезилеби? Окуп, угуп коргуло да, оюнарды айткыла. P.S. Айтмакчы, угуш учун ошол беттин он капталын карасанар "Угуу" деген жери бар. Ошол жерден уккула.

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл. "Азаттыкта" мен ушул көрүнүштүн курмандыктарынын биринин тагдыры жөнүндө видео-материал жасадым. Кыз ала качуу тууралуу силердин оюңар кандай?

Путиндин доору

Владимир Путин орус саясатында аты чыга баштаганына туура 10 жыл болду. Мен бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” макала жаздым . Бирок Путинге, анын “дооруна”, саясатына карата менин жеке пикирим, албетте, анда жазылган жок. Алар жөнүндө кыскача ушул жерде силерге айтайын деп турам... В.Путиндин аты алгач дүйнөгө жар салынганына азыр 10 жыл болсо, ал мамлекетти де-юре сегиз жылдай бийледи (калган эки жылы премьер-министрлик кызматта өттү). Мына ушул мезгилдин жети жылын мен Орусияда өткөрдүм. Менин студенттик мезгилим да, журналисттик алгачкы кадамдарым да дал ушул мезгилге туш келди. Путиндин аты менен байланышкан чуулгандуу окуялар: Дубровкадагы “Норд-Ост” окуясы, Бесландагы мектепке чабуул, Чеченстандагы кырдаал, Москвадагы метро станциялардагы жана башка жерлердеги жардыруулар , скинхеддердин баш көтөрүшү, орус олигархтарына чабуул, журналист Анна Политковскаянын өлүмү , кийин Борис Ельциндин дүйнөдөн кайтышы, В.Путиндин экинчи президенттик мөөнөтү, парламенттик шайлоо, Д. Медведев менен...

Биздин “мичурин”

Ойлосом, мен мурда тай агам менен көп деле сүйлөшчү эмес экем. Балалыгымдан эсимде калганы – анын колуна кетмен көтөрүп, таштак бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, оордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", керели-кечке жылдан-жылга бакты караганы... Башынан калпагын түшүрбөй, жакасын жайлата ачып, кетмен көтөргөн кишинин мына ушул образы көз алдымда мөөрдөй сакталып калган тура. Бир топ жыл четте жүрүп, кайра тагам менен жолукканы анын жанагы таш баскан жанасына келдим. Көргөн көзүмө ишене албай, көкүрөктү бир жагымдуу чымчылай, көздөрдү тойгуза алгыс бир сезимдер курчап турду - бопбоз талаанын оордуна чыныгы бейиштин төр багына келгендей болдум: айлана жапжашыл, алма десең бойго жеткен кыздын үрпүндөй тырсыйган мөмөлөрү шагын сындыргыдай салыптыр, өрүк десең чыныгы дефицит сортко айланган кандек, мурсанжалинден берки Баткенде сейрек кездешип калган өрүктүн күн нурунун чек...

Кыргызстан келечегин тандоого даярбы?

Эртең Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага алты талапкер катышып жатат. Баары эле мыйзам бузуулар көп болот, дагы эле азыркы президент Курманбек Бакиев шайланат дешет. Билбейм... Канткен күндө да, мунун баарын - добуш берүү кандай өткөнүн - эртең "Азаттыктан" бишкек убактысы боюнча 21:00-22:00 чейинки бир сааттык түз ободогу программада айтып беребиз. Аны мен алып барам. Көптөгөн кызыктуу талкуулар, интервьюлар, облустардагы кабарчылардан түз ободо маалымат болот. Укканга аракет кылгыла :) Акыркы күндөрү блогго дээрлик эч нерсе жазбай калганым да убакыттын жоктугунан. Кечирээрсиңер. Кантсе да мамлекет үчүн "жөнөкөй эмес күндөрдү" баштан кечирип жатабыз. Кимди караба "Мен шайлоого барсам-барбасам, Ак Үйдөн кандай команда болсо, ошол президент болот да" дешет. Адамдарда шайлоого карата ишеним өчүп калгандай. Чын эле ошондойбу же бул болгону жалган эле сезимдерди? Өз оюңарды айткылачы.

Праганын сулуулары

Прагада быйыл жай суук болуп жатат. Күн да жакшы ачылбайт. Влтаваны бойлой сүзүп жүргөн ак куулар да буга бир аз капа болуп тургандай сезилди. Бирок өздөрү "сүйүүнүн символу" экенин билишеби, айтор, дарыянын жээгинде жүргөндөргө мээримин аяшкан жок.

Саламат Садыкова: Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү

Кыргыздын оюн дүйнөгө Чыңгыз таанытса, үнүн Саламат Садыкова чыгарып келет. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова улут абийири, кыргыз жаштары, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан ажар белгилер жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү. Саламат Садыкова: “Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман” деп коюшат. Өз киши күйдүрүп айтат. Албетте, биздин мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандыгы үчүн баарыбыз бактылуу эл экенибизди жакшы билебиз. Кыргыз эли дээрлик 20 жылдай убакыттан бери кандай кылсак, жакшы жашайбыз деген суроонун үстүнөн ойлонуп келатабыз. Азыр эл башына моралдык жактан өздөрүнүн бийик касиеттери, “Эл”, “Кыргызстан” деп, эртеңки тарыхыбыздын камын жеген аткаминерлер келиши керек. Анткени жаш урпактарга биз эмнени калтырабыз, бизден эмне осуят, кандай касиет калат дегенге баш катырган жетекчилер жетишпейт. Мен азыр “бул жакшы, тиги жаман” деп айта албайм. Бирок кыргыздын бешенеси азыр жүрөгү таза, көөдөнү кенен, үй-бүлөсүн же тууган-уругун эмес, бүтүн кыргыз элин, Кыргызстанды сү...

Azattyk+ New Season!

Саламатсыздарбы! “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Азаттык плюс” жамааты сиздерди Фэйсбуктагы озунун баракчасына чакырат. Биз Теле, Радио жана Интернет платформаларында озубуздун жаны сезонду баштап жатабыз. Жаны идеялар, сунуш-пикирлер жана коз-караштар менен айкалышкан мыкты кыргыз журналистикасын сиз http://www.azattykplus.kg/ баракчасынан таба аласыз! Биздин сыйлуу коногубуз болунуз! “Азаттык плюс” командасы -- Hello everybody! "Azattyk Plus" of RFE/RL is pleased to invite you to Join its Facebook page. We are starting our New season on TV, Radio and Internet platforms. Good Kyrgyz Journalism with fresh ideas and points are in http://www.azatykplus.kg/ Kosh kelingizder and Welcome to Azattyk Plus! Azattyk Plus Team

Does Russia need labour migrants from Central Asia?

Hello everybody! My name is Torokul Doorov and I'm a Kyrgyz journalist from Moscow. I’ve just created this blog in order to collect information about Kyrgyzstan, especcially about kyrgyz labour migrants living in a different parts of the world. But you can surely find my own reports in Kyrgys, English and Russia. I'll try to gather some other interesting articles from a different news resources. According to some unofficial information, there are about one million kyrgyz people in Russia. For me, as for Kyrgyz journalist working in Russia, it is interesting and extremely important to know more about their lives, their daily problems, and dreams for future… Many of these people are illegal migrants, of course, who have been forced to go through the difficulties of Russian corrupt and restrictive migration regime. I'm also trying to find information about kyrgyz migrants in other countries. So, if you have some news about them, please share with us. World globalizes as quick...