Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Azattyk+

Уильям, алты саның аман үйүңө жетип ал!

     Менин жакшы таанышым, франциялык фоторепортер Уильям Даниэлс - бүгүн Сириядан Ливанга эвакуация кылынган эки журналисттин бири.     Ал Эдит Бувье деген журналист экөө бир нече убактан бери оппозиция курчоого алынып, аткылоого туш болуп жаткан Баба-Амр районунда калышкан. Дал ушул жердеги чабуулда жакында америкалык журналист Мари Колин менен франциялык сүрөтчү Реми Ошлик набыт болушкан эле...     Уильям менен мен акыркы жолу Парижде жолукканыма бир жарым жыл болуп калды. Ал көп жолу Кыргызстанда да болгон. Менин жубайым Гази менен бирге иштешип да жүрүштү. Мен андан кийинчерээк “Азаттыкка” маек да алгам .     Уильям, сага амандыкты тилейбиз.   (Сүрөттүн автору Уильям Даниэлс, Ош шаары, Кыргызстан)

Photo: Алгачкы жеңишим

Мен бул жаңылыкты кечигип кабарлап жатам: Былтыр Лейлекте сүннөт тойдо тарткан сүрөтүм Transitions Online (TOL) уюмунун фотоконсурсунда Маданият деген бөлүмдө жеңди. Мына бул жерде мен иштеген "Азаттык" радиосу бул жөнүндө жазган кабар бар.

Демократия жетимсиреди

Чехия аза күтүп жатат - демократиянын атасы, коммунисттик оккупацияга каршы уюштурулган "баркыт ыңкылабынын" негизги лидери Вацлав Гавел узак оорудан соң көз жумду... Менин жашоомдо соңку 10 жылдан бери "Азаттык" радиосу канчалык чоң орунду ээлеген болсо, анын чех жеринде иштеп калышына, демократия башат алган жерлердин биринде байыр алышына Гавелдин салымы да ошончолук чоң болгон. Кечээ кечинде колдоруна шам чырактарды көтөргөн прагалыктар борбордук аянтка чогулуп, Гавелди эскерип жатышты... Мен ал жерде бүгүн да эл таркабай турганын көрдүм. Чыныгы элдик лидердин өлүмүнө эл чындап кайгырып турду.

Баткендик килемчи

Баткендик килемчи Кибирахан Туйгунова кыргызстандык кол өнөрчүлөргө кеңири таанымал. Мен жакында анын үйүндө болуп, килемчинин эмгектери менен таанышып келдим. Аны менен интервью-сүрөттөрүмдү көргүңөр келсе, бул жакка киргиле .

Африканын жарандык поэзиясы

“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында мен Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баяндадым .

У.Дэниэлс: Мени адамдын тагдыры кызыктырат

Кандай гана илдет болбосун, анын жузу дени сак адамга жат, чоочун, трагедиялуу корунот... Озгочо жаш балдар оорубасын... Бирок андан кача албайт экенсин. Мындан 4 жыл мурда дуйнодо ар бир 30 секундада бирден жаш бала безгектен (малярия) коз жумуп турган. Олгондордун копчулугу Африкада. Уиллиям Дэниэлс ошол безгектин курмандыктарын, алардын омурун сактап калууга жасалып жаткан аракетти фото пленкага жаздырып, тартып жургонуно коп болду. Мына бул жердеги суроту учун ал учурунда дуйнодогу фотожурналисттердин эн абройлуу сыйлыгын да уткан эле. Франциялык бул фотожурналист менен мен алгач Кыргызстан эки ирет (ал туберкулезду, эки ынкылапты, экологиялык оор абалды тарткан) жолуккам. Кийинчерээк Парижде коруштук. Анан кечээ Безгекке каршы курошуунун дуйнолук кунундо ага Парижге телефон чалдым. Чарчанкы суйлоду. Граждандык согуш болуп жаткан Ливиядан эми эле келген экен, оор сапар болду дейт. Аны менен интервьюну бул жерден окугула. ( Суротто: Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү м

Жаштарды айылга чакырган эне

Мен жакында эс алганы Лейлекке ата-энеме барып келдим. Күн аябай суук болду. Ал жактын эли кыйынчылыктарга карабай, бир топ эле оокатын оңдоп алыптыр. Мал багып сатуу өзүнчө бир чоң бизнеске айланып кетиптир. Жакшы саан уйду эки жыл мурда 15 миң сом болот деп уккан элем. Быйыл 50 миңден сатышат экен - жагымдуу таң калтырат :) Малдын баарын тажиктер алып кетишет экен. Ал жакта өздөрүнүн элине этин сатабы, же андан ары Иранга айдайбы - аны териштире албадым. Бирок андан жергиликтүү эл бир топ пайда көрүп жаткан экен. Мына ошондой энелердин бири Бүайлар Сулайманова менен Көк-Таш айылында маектешкен элем. Аны "Азаттыктан" кеңири окуп, уксаңар болот. Отчетум ушул жерде :)

"Данисте": Баткенде төрөттөн өлгөндөр эмне үчүн көбөйдү?

Дагы көпкө жоголуп кеткениме үзүр. Кыргызстанга барып келдим. Ата-энемди, туугандарды, досторду көрдүм. Айылды көрдүм... Көп нерсе мурдагыдай, дагы көп нерсе өзгөрүптүр. Айылга барганым жөнүндө отчетту өзүнчө жазайын. Азырынча "Данистеден" дагы бир шиңгил. Бул жолу алыскы Баткен облусунан келген мыкты радио-баян болот. Айрым айылдарда оорукана эмес, бир дарыгери да жок. Мына ошондой жерлерде адам ооруса, өзгөчө төрөт учуру келген аялдар кантишет? Жеңиш Айдаровдун макаласына шилтеме бул жакта!

"Данистеден" бир шиңгил

Мен начар блоггер окшойм. Үч айдан ашык убакыттан бери блогумду жетимсиретип, бир да сап жазган жокмун. Буга себеп көп. Чынында жаза турган нерсе деле жок болчу... Кээде бул жерге өзүм "Азаттыкта" жазган макалаларды да коюп турам. Бүгүн жеке өзүмдүн эмес, бир кесиптешим менен бирге даярдаган макала тууралуу кабар берсем деген ниетим бар. Бул - биз "Азаттыкта" жаңы баштаган "Данисте" аттуу документалдуу баяндардын түрмөгүнө алгачкы салымын кошкон Эрнист Нурматовдун макаласы. "Данисте" келерки айда дагы бир көйгөйлүү проблеманы - 21-кылымда врачы-догдуру жок төрөгөн кыргызстандык аялдар жөнүндө айтып берет. Алар жыргаганынан минтип жатышкан жок. Борбордон алыс жайгашкан бир топ айыл-кыштактарда оорукана бери турсун, бир акушери да жок экенин билсеңиз керек. Ошолор жөнүндө Баткендеги кабарчыбыздын макаласы болот. Сөзсүз кабар берем.

Ч.Айтматов менен Б.Миңжылкиевди эскерүү концерти

Болот Миңжылкиев тирүү болгондо, быйыл апрелде 70 жашка чыкмак. Бирок кыргыздар анын юбилейин унутуп коюшту. Буга деле жүйөөлүү себептер бар эле - ыңкылап болуп кетти. Анын артынан эле Ошто тополоң башталды. Бирок улуу инсандын улуулугун унутпагандар баары бир чыгат экен. Кыргыз операсынын атасы менен бирге иштеген ырчы Тахира Менаждинова азыр Прагадагы операда ырдайт. Ал көптөн бери эле Болот Миңжылкиевди эскерүү кечесин Прагада уюштурууну пландап жүргөн. Керек болсо, бул үчүн Чыңгыз Айтматов менен да байланышып, экөө бирге уюштурабыз дешкен. Бирок... ага жетпей залкар жазуучунун көзү өтүп кетти. Ал өзү Миңжылкиевди эскерем деген кечесинде эми биз анын өзүн да эскергени бардык... Кыргыздын ушул эки алпын татар кызы эскерип, орус, чехтердин мен деген опера ырчыларын чакырды. Кеченин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун акыркы романы ("Тоолор кулаганда" же "Вечная невеста") жана опера менен айкалыштырылып жазылган. Кудум, мунун баары бир чыгармадай сезилди. Мен ал кечеден &q

Голландия: “Гауда” быштагын татып көрүңүз

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “ Голланд сыры ” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “ Гауда ” дешет. Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө. Мен жакында ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен тааныштым.

Ширин Айтматова: Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди. Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат. Жанар Акаев: Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт? Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча б

Is Kyrgyzstan's Interim Government Equal To The Crisis?

By Torokul Doorov, Charles Recknagel The fast-moving crisis in southern Kyrgyzstan -- where some 400,000 people have been displaced amid deadly ethnic violence -- would be enough to challenge even the most stable government. But the interim administration of Roza Otunbaeva, propelled to power amid street fighting in Bishkek two months ago, often seems particularly ill-prepared for the task. The government's difficulties were highlighted today as acting Prime Minister Otunbaeva flew to Osh to reassure her countrymen the worst was over. But as she met with officials and visited a hospital, she stayed away from the city's devastated Uzbek neighborhoods, where hundreds of Uzbeks remain huddled behind massive barricades and unidentified gunmen continue to fire rounds. Otunbaeva gave no reason for staying out of the danger zone. But her decision risked giving the impression that neither she nor the military commanders who report to her have the power to move freely through the city.

Кыргызстандын келечегине тынчсызданган чех

Жакында мен Прагадагы кадимки эле дүкөндөрдүн биринде кызыктуу бир адам менен таанышып калдым. Биз жубайым, кызым менен кассага кезекте турганбыз. Артыбызда бир чех аксакал аялы менен турушкан. Көңүл деле бурган эмесмин. Кызымды колума көтөрүп алган элем. Бир жашка да чыга элек Каныкей чоң-атасын эстеп кеттиби, айтор, ал кишиге жылмайып, ойной баштаган... :) Сүйлөшө кеттик. Ал чехиялык журналист болуп чыкты. “Азыр пенсиядамын”, - дейт. Биз Кыргызстандан келгенибизди угуп, туура жарым кылым мурда (!!!) Ысык-Көлгө барганын, кыргыз тоолорун дүйнөдөгү эң кооз деп билээрин айта баштады. Көрсө, бул аксакал Ян Петранек Чехиядагы эң абройлуу ветеран-журналисттердин бири экен. Өлкөдөгү негизги телеканал, радио, гезиттер ага дайыма дүйнөдөгү тигил же бул окуяларды комментарийлеп беришин сурап турушат. 1960-жылдары Чехия мамлекеттик радиосунун СССРдеги, Кытай, Индия, Вьетнам, Ооганстандагы кабарчысы болуп жүрүптүр. “Чыныгы эларалык журналист”, - деп ойлоп калдым. Анан Кыргызстанда жакында апрель

Вино?

Мен кээде озумо такыр муноздуу эмес темалар боюнча жазгым келип калат. Анан жазам. Башка бир учурларда озумо кызыксыз темалар учун жазууга мажбур болом, кыйналам. Бирок жазам. Бул тема мага кызыктуу, бирок мен учун жаны нерсе болду - вино! Аны ичкенди билгеним менен эксперттин денгээлинде жакшысын начарынан ажырата алчу эмесмин. Томондогу бул макаланы "Азаттык" учун даярдап журуп, вино тандоо боюнча адис болуп калдым окшойт :) Адис болуп калганым макаладан сезилеби? Окуп, угуп коргуло да, оюнарды айткыла. P.S. Айтмакчы, угуш учун ошол беттин он капталын карасанар "Угуу" деген жери бар. Ошол жерден уккула.

Чындыктан көз ачышат

Жараткан айрымдарды өзгөчө көз-караш, өзгөчө сезим-туюмдар менен байытып коет экен. Мен Умида Ахмедова менен акыркы жылдары бир канча ирет көрүштүм. Чыгармачыл адам менен эмне жөнүндө сүйлөшмөк элек? Умиданын ар бир сөзүндө, ар бир баасында өзгөчөлүүлүк байкалып турат. Анын сүрөттөрү, фильми, видео-арт үчүн жасаган иштери, - баары биздин көздөр көрө берип, такыр чарчап, мокоп бүткөн жөнөкөй эле чындыкты көрсөтөт. Мына ошол чындыкты баары эле көрүүгө даяр эмес окшойт… Ал азыр өз өлкөсүндө айыпталып жаткан кези. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм.

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл. "Азаттыкта" мен ушул көрүнүштүн курмандыктарынын биринин тагдыры жөнүндө видео-материал жасадым. Кыз ала качуу тууралуу силердин оюңар кандай?

Путиндин доору

Владимир Путин орус саясатында аты чыга баштаганына туура 10 жыл болду. Мен бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” макала жаздым . Бирок Путинге, анын “дооруна”, саясатына карата менин жеке пикирим, албетте, анда жазылган жок. Алар жөнүндө кыскача ушул жерде силерге айтайын деп турам... В.Путиндин аты алгач дүйнөгө жар салынганына азыр 10 жыл болсо, ал мамлекетти де-юре сегиз жылдай бийледи (калган эки жылы премьер-министрлик кызматта өттү). Мына ушул мезгилдин жети жылын мен Орусияда өткөрдүм. Менин студенттик мезгилим да, журналисттик алгачкы кадамдарым да дал ушул мезгилге туш келди. Путиндин аты менен байланышкан чуулгандуу окуялар: Дубровкадагы “Норд-Ост” окуясы, Бесландагы мектепке чабуул, Чеченстандагы кырдаал, Москвадагы метро станциялардагы жана башка жерлердеги жардыруулар , скинхеддердин баш көтөрүшү, орус олигархтарына чабуул, журналист Анна Политковскаянын өлүмү , кийин Борис Ельциндин дүйнөдөн кайтышы, В.Путиндин экинчи президенттик мөөнөтү, парламенттик шайлоо, Д. Медведев менен

Кыргызстан келечегин тандоого даярбы?

Эртең Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага алты талапкер катышып жатат. Баары эле мыйзам бузуулар көп болот, дагы эле азыркы президент Курманбек Бакиев шайланат дешет. Билбейм... Канткен күндө да, мунун баарын - добуш берүү кандай өткөнүн - эртең "Азаттыктан" бишкек убактысы боюнча 21:00-22:00 чейинки бир сааттык түз ободогу программада айтып беребиз. Аны мен алып барам. Көптөгөн кызыктуу талкуулар, интервьюлар, облустардагы кабарчылардан түз ободо маалымат болот. Укканга аракет кылгыла :) Акыркы күндөрү блогго дээрлик эч нерсе жазбай калганым да убакыттын жоктугунан. Кечирээрсиңер. Кантсе да мамлекет үчүн "жөнөкөй эмес күндөрдү" баштан кечирип жатабыз. Кимди караба "Мен шайлоого барсам-барбасам, Ак Үйдөн кандай команда болсо, ошол президент болот да" дешет. Адамдарда шайлоого карата ишеним өчүп калгандай. Чын эле ошондойбу же бул болгону жалган эле сезимдерди? Өз оюңарды айткылачы.

Саламат Садыкова: Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү

Кыргыздын оюн дүйнөгө Чыңгыз таанытса, үнүн Саламат Садыкова чыгарып келет. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова улут абийири, кыргыз жаштары, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан ажар белгилер жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү. Саламат Садыкова: “Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман” деп коюшат. Өз киши күйдүрүп айтат. Албетте, биздин мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандыгы үчүн баарыбыз бактылуу эл экенибизди жакшы билебиз. Кыргыз эли дээрлик 20 жылдай убакыттан бери кандай кылсак, жакшы жашайбыз деген суроонун үстүнөн ойлонуп келатабыз. Азыр эл башына моралдык жактан өздөрүнүн бийик касиеттери, “Эл”, “Кыргызстан” деп, эртеңки тарыхыбыздын камын жеген аткаминерлер келиши керек. Анткени жаш урпактарга биз эмнени калтырабыз, бизден эмне осуят, кандай касиет калат дегенге баш катырган жетекчилер жетишпейт. Мен азыр “бул жакшы, тиги жаман” деп айта албайм. Бирок кыргыздын бешенеси азыр жүрөгү таза, көөдөнү кенен, үй-бүлөсүн же тууган-уругун эмес, бүтүн кыргыз элин, Кыргызстанды сү