Skip to main content

Posts

Showing posts with the label поэзия

Айды күтүү

Такташтык ай чыкканда жолугууга, Кан кызып, денемди бир аптап урат. Айтам деп, сага камдап сөз ылгадым, Бул акшам ай башкача толуп турат. Бизге анда жылдыздардай асмандагы көрүнгөн сезим күчү — чексиз аалам. Биз анда толкундардай деңиздеги бүтүн бир ыргак менен агылууга ичтик касам… Сүйлөштүк ай тууганда көрүшүүгө бөбөктөй багындыра кыялдарды. Сен мени, а мен сени бөлүшүүгө күндү эмес, айды күттүк кайра дагы. Сезимди кытыгылай уяң ойлор, алдырбайт, колго кирбейт, алыс, бөлөк. тартылган амалсыздык пардасынан, жүрөгүм айды күткөн күндө өлөт, ойлорум сени деген кыйнайт мени… Ай эмес жылдар өттү андан бери, Элесиң — чаңдагы гүл, өчкөн тагы. Чарчаган окшойм бүгүн, кетким келет. Бу тагдыр сенсиз деле берди бакты. А бирок… Көкүрөк бирдемеден эзилет эй… Күткөндөй дагы деле жаңы айды, Ойлорум учат самап алыс жакты, сен тарап басып кетээр                               алыстарды. (2011.) ...

Жаман күн

Көрүнсө күзгүдөн өлүм, өмүрдүн баасы бычылды. Согушун жүрөктүн басып, өзүмөн алыс качсамчы... Төгөт не боз ала асман? Жаш эмес, буктун жамгырын. Бузулган күндөргө эмес, Тагдырга наалат айттырдың.  (2012.)

Тардык

Сен жашап өткөн өмүр бар, Ырларың деми үнгө зар, Күүлөнгөн ыргак жаштыкты, Сактаймын деген дүйнө тар. (2014.)

"Зирегим менин..."

Айласыз карап алыстан, тамчыга толгон көздөрүң. Өзүмөн, билем, келет көргүң. Элесин ата сагынган. Мен сени ыйлаткан күнү жаныма жан бербейт өкүм, чыгарган өзүмө өзүм. Айтылбай калат сөзүм -                        “Зирегим менин...” 14.06.2013

Жамгырлуу күндөр

Сыртта жамгыр, ичте жалын - өрттөнөм. Жалгыздыкта өлүмгө окшош жүзү бар. Алыстарды, алыс жанды ойлосом, Бул караңгы күндөрүмдө аалам тар. Көптөн бери күндүн сары жүзү жок. Нечен тамчы ай ааламды жуудуруп, Кудум дүйнө кири кетпей койгондой, Кудум Кудай сунат бизге аруулук. (Июнь.2013)

Кадимки күн

Кадимки күн, Кадимки сөз, илептер. Алыста барат поезд. Баратат учуп ак түтүн. Жалгыздык – жалган. Жалгыздык - арман, Жалгыздык сараң... Эстетет баарын, а неге атпайт таң? Ноябрь беши. Кайрылып келбейсиң эми, Ортодо калат үшкүрүк. Тозоктон эмес, сезимим бар бейиштен кийинки... Кадимки түн, Кадимки көз жаш, бакыт - күң. Ыраазы боло бил ааламда сендей бир башка бар үчүн. (23.06.2011. Прага)

Коштошуу

Бүгүн ал кетсе дагы алыс жакка, Дарактар ийилбеди, булак да ыйлабады. Асманда канча доордун күбөлөрү Жылдыздар жерге ок да атышпады. Бүгүн ал алыстарга кетсе дагы, Көөдөндү чымчыбады эч бир сезим. Кагылбай калган өңдүү комуз кылы, Кош болгун, күлгүн, тентек жаштык кезим... Прага 2009.