Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Azattyk Plus

Кыргызстан келечегин тандоого даярбы?

Эртең Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага алты талапкер катышып жатат. Баары эле мыйзам бузуулар көп болот, дагы эле азыркы президент Курманбек Бакиев шайланат дешет. Билбейм... Канткен күндө да, мунун баарын - добуш берүү кандай өткөнүн - эртең "Азаттыктан" бишкек убактысы боюнча 21:00-22:00 чейинки бир сааттык түз ободогу программада айтып беребиз. Аны мен алып барам. Көптөгөн кызыктуу талкуулар, интервьюлар, облустардагы кабарчылардан түз ободо маалымат болот. Укканга аракет кылгыла :) Акыркы күндөрү блогго дээрлик эч нерсе жазбай калганым да убакыттын жоктугунан. Кечирээрсиңер. Кантсе да мамлекет үчүн "жөнөкөй эмес күндөрдү" баштан кечирип жатабыз. Кимди караба "Мен шайлоого барсам-барбасам, Ак Үйдөн кандай команда болсо, ошол президент болот да" дешет. Адамдарда шайлоого карата ишеним өчүп калгандай. Чын эле ошондойбу же бул болгону жалган эле сезимдерди? Өз оюңарды айткылачы.

Дамир Акматов: Балдардын жан дүйнөсүн бага албай калдык

Баланын руханий жактан өсүп жетилишине эстетикалык дарстардын мааниси зор. “Билген адам жердин сулуулугун билими жок такыр көрбөгөн жерден көрө алат” деген орус жазуучусу К.Паустовский. Соңку жылдары Кыргызстандагы мектептерде музыка, сүрөт сабактарына такыр көңүл бурулбай калды. Абалдан кантип чыкса болот? Кыргыз билим берүү академиясынын эстетикалык сабактар лабораториясынын ага илимий кызматкери Дамир Акматов “Азаттык” менен ой бөлүшөт. Дамир Акматов: Советтер Союзу таркагандан бери Кыргызстанда музыка, сүрөт сабактары боюнча мектептер үчүн бир да окуу китеби басыла элек. Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан чыгып жаткан китептерди көрүп, ичиң күйөт. Бизде ал боюнча даяр китептер бар, бирок, кажаттын жоктугунан улам, чыкпай келет. Окуу китеп болбогондон кийин кандай билим берүү жөнүндө сөз кылабыз? Андан сырткары, жылдан жылга бул тармактарда окуу жайларга студенттерди кабыл алуу кыскарып баратат. Мектептерде эстетикалык предметтерге бөлүнчү сааттар азайды: жумасына болсо, бир жолу бол...

Нурбек Эген: Манас жакында төрөлөт

Кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасмасын дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу режиссер «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди. Нурбек Эген: Буюрса, тилеген тилектер орундалса, майдын аягында бүтүрөм. Анан аны-муну болуп, күздүн орто ченинде же аягында кыргыз элине көрсөтө баштайм. Тасма азырынча толук тартылып бүтө элек. Кыйтайлык кыргыздарга, анан түрк кыргыздарына барып, бир каарманды тартышым керек. Андан ары жапондордун Токия шаарында да бир каармандын үйүнө барып, ошол жактан тартыш калды. Ошону бүтүргөңдөн кийин, анан фильмди бүтүрдүм десем болот. Бирок ага чейин эле киного керектүү материалдарды топтоо дурус жүрүп жатат. Жалпысынан 12 сааттык материал топтолду. Ошонун ичинен эки сааттык даректүү тасма болот. Азыр Бишкекте жүрөм. Бир аптадан бери кыргыздын мамлекеттик архивинде көптөгөн эски тасмаларды, эски сүрөттөрдү таап көчүрдүм. Андан сырткары, кыргыз элинин эгемендүүлүктү алгандан кийинки олуттуу оку...

Президент К.Бакиев "Азаттык плюска" убада берди

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев 9-сентябрда КТРге барды. Ал жерде "Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызынын суроолоруна жооп берип жатып, Курманбек Бакиев "Азаттык плюсту" КТР аркылуу коро тургандыгын билдирди жана 10-ноябрдагы "Азаттык плюс" беруусуно катышууга убада берди.