Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Aitmatov

Ч.Айтматов менен Б.Миңжылкиевди эскерүү концерти

Болот Миңжылкиев тирүү болгондо, быйыл апрелде 70 жашка чыкмак. Бирок кыргыздар анын юбилейин унутуп коюшту. Буга деле жүйөөлүү себептер бар эле - ыңкылап болуп кетти. Анын артынан эле Ошто тополоң башталды. Бирок улуу инсандын улуулугун унутпагандар баары бир чыгат экен. Кыргыз операсынын атасы менен бирге иштеген ырчы Тахира Менаждинова азыр Прагадагы операда ырдайт. Ал көптөн бери эле Болот Миңжылкиевди эскерүү кечесин Прагада уюштурууну пландап жүргөн. Керек болсо, бул үчүн Чыңгыз Айтматов менен да байланышып, экөө бирге уюштурабыз дешкен. Бирок... ага жетпей залкар жазуучунун көзү өтүп кетти. Ал өзү Миңжылкиевди эскерем деген кечесинде эми биз анын өзүн да эскергени бардык... Кыргыздын ушул эки алпын татар кызы эскерип, орус, чехтердин мен деген опера ырчыларын чакырды. Кеченин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун акыркы романы ("Тоолор кулаганда" же "Вечная невеста") жана опера менен айкалыштырылып жазылган. Кудум, мунун баары бир чыгармадай сезилди. Мен ал кечеден ...

Ширин Айтматова: Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди. Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат. Жанар Акаев: Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт? Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча б...