Skip to main content

Posts

Showing posts from August, 2010

Жексондун жез кемпирчелери

Кечээ Праганын борборундагы Вацлав аянтында баратып, кызыктуу окуяга кубо болдум. Жолдон баратсам, дангыр-дунгур музыка чыга баштады. Болгондо да Майкл Жексондун "Thriller" деген ыры. Анан эле жолдун ары жагынан агылып келген 200 жакын адам (бети-башы Жексондун клипиндегидей боелгон) силкилдеп бийлей башташты. "Деги бул эмнеси?" дегиче болбой экинчи ыр, анан учунчу. Жанагы топтолгондор бирдей бийлешет, жакшы даярданышкан. Ай, корсо булар Майкл Жексонду эскерип жатышыптыр (бугун ырчынын туулган куну). Кийин мен алар менен бирге баса бердим, шаардын борборундагы дагы кеминде эки аянтта ушинтип бийлешти. Туристтер, ары-бери баскандар оозу ачылып, улам суротко, видеого тартып жатышат. Жексондун жез кемпирчелери улуу генийдин атын чакырып, дуулдап, Праганы башына которуп жатышты. Канча бир саамга Прага мага чын эле жомоктой корунуп кетти. А менде ошол учурда болгону колумдагы чонток телефонум бар эле. Ушуларды гана тарта алдым. Бирок идеясы жакты. "Поп музыканын

Голландия: “Гауда” быштагын татып көрүңүз

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “ Голланд сыры ” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “ Гауда ” дешет. Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө. Мен жакында ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен тааныштым.