Skip to main content

Posts

Showing posts with the label Лейлек

Photo: Алгачкы жеңишим

Мен бул жаңылыкты кечигип кабарлап жатам: Былтыр Лейлекте сүннөт тойдо тарткан сүрөтүм Transitions Online (TOL) уюмунун фотоконсурсунда Маданият деген бөлүмдө жеңди. Мына бул жерде мен иштеген "Азаттык" радиосу бул жөнүндө жазган кабар бар.

Photo-report: Балалык менен жолугушуу

Мен жакында үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып келдим. Акыркы жолу мекенимдин абасын жутуп, нанын жеп, ажайып кооз тоолорун көргөнүмө, эч тойбос суусунан ичкениме дээрлик эки жыл болуп калган эле. Айылда ата-энемди көрүп, бир жыргадым. Лейлектин Көк-Таш айылында кайын журтум жашайт. Ал жерде жубайым экөөбүз чыгып, айылдын жаш балдары менен чана тептик!!! :) Эми бул жакта экөөлөп тартып калган сүрөттөрдөн отчет-баянды көргүлө. 8-класстын окуучусу Нурсултандын чыгармачылыгы - коньки! Мындай конькини мен көрө элек болчумун. Айылдагы жаш балдар, чоң шаарлардагылардан айырмаланып, кымбат баалуу спорт-дүкөндөрүнө бара алышпайт, профессионалдык коньки, лыжа сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жок десе, жок экен деп отура бербей, өздөрү телевизордон көргөнүн жасап алышкан. Балдар баары чурулдашып, мага конькини кантип кийип, кантип тепкенди көрсөтүп жатышат. Мен бир аракет кылып көрдүм, болбоду - практика жетишпейт экен :) Балдар катарга туруп алып, баары бирдей чанага жыгылышат. Менин эле...