Skip to main content

Posts

Showing posts from July, 2010

Ширин Айтматова: Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди. Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат. Жанар Акаев: Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт? Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча б