Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “ Голланд сыры ” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “ Гауда ” дешет. Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө. Мен жакында ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен тааныштым.