АҢГЕМЕ Малик жолдун ортосуна чыгып алыптыр. Ары-бери өткөп машинелерди токтотом дейби, өзүн боксёр элестетип алганбы, колдорун ары-бери жаңсап, сөгүнүп, жинденип, атасы ачуусу келгенде айтып калчудай, «богун мыжыгып алыптыр». Бул дегени такыр эле өз башына өзү ээ боло албай, оозуна да, денесине да күчү жетпей, айбан сыяктанып калган экен дегени. Эч ким менен иши жок. Шилекейи агып, чаңга бөлөнүп агарып калган ботинкесине улам тамат. Кирдеген көйнөгүнүн этеги жыртылган, учтары шымынын ар кай жагынан самсаалап көрүнүп жүрөт. Көзү... тирүү жандын көзү эмес – бош, кайдыгер. Кимди, кайсыл жакты караганы чала. Улам сөгүнөт, бирөөгө жини келгендей тиштерин кычыратып, кыргызча, орусча аралаштырып сөгүп эле жатат, сөгүп эле жатат... Чоң жолдун боюндагы бул кичинекей кыштактын эли бири-бирин жакшы тааныйт, өтө ынтымактуу тургундар. Балким, кичине болгондун жакшы жагы ошолдур... Ызы-чууну анча сүйө бербеген айыл тынчтыгы Маликтин «концертинен» бир заматта бузулду да калды. Машинелер ары өтүп бир...