Skip to main content

Posts

Жексондун жез кемпирчелери

Кечээ Праганын борборундагы Вацлав аянтында баратып, кызыктуу окуяга кубо болдум. Жолдон баратсам, дангыр-дунгур музыка чыга баштады. Болгондо да Майкл Жексондун "Thriller" деген ыры. Анан эле жолдун ары жагынан агылып келген 200 жакын адам (бети-башы Жексондун клипиндегидей боелгон) силкилдеп бийлей башташты. "Деги бул эмнеси?" дегиче болбой экинчи ыр, анан учунчу. Жанагы топтолгондор бирдей бийлешет, жакшы даярданышкан. Ай, корсо булар Майкл Жексонду эскерип жатышыптыр (бугун ырчынын туулган куну). Кийин мен алар менен бирге баса бердим, шаардын борборундагы дагы кеминде эки аянтта ушинтип бийлешти. Туристтер, ары-бери баскандар оозу ачылып, улам суротко, видеого тартып жатышат. Жексондун жез кемпирчелери улуу генийдин атын чакырып, дуулдап, Праганы башына которуп жатышты. Канча бир саамга Прага мага чын эле жомоктой корунуп кетти. А менде ошол учурда болгону колумдагы чонток телефонум бар эле. Ушуларды гана тарта алдым. Бирок идеясы жакты. "Поп музыканын...

Голландия: “Гауда” быштагын татып көрүңүз

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “ Голланд сыры ” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “ Гауда ” дешет. Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө. Мен жакында ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен тааныштым.

Ширин Айтматова: Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди. Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат. Жанар Акаев: Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт? Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча б...

Is Kyrgyzstan's Interim Government Equal To The Crisis?

By Torokul Doorov, Charles Recknagel The fast-moving crisis in southern Kyrgyzstan -- where some 400,000 people have been displaced amid deadly ethnic violence -- would be enough to challenge even the most stable government. But the interim administration of Roza Otunbaeva, propelled to power amid street fighting in Bishkek two months ago, often seems particularly ill-prepared for the task. The government's difficulties were highlighted today as acting Prime Minister Otunbaeva flew to Osh to reassure her countrymen the worst was over. But as she met with officials and visited a hospital, she stayed away from the city's devastated Uzbek neighborhoods, where hundreds of Uzbeks remain huddled behind massive barricades and unidentified gunmen continue to fire rounds. Otunbaeva gave no reason for staying out of the danger zone. But her decision risked giving the impression that neither she nor the military commanders who report to her have the power to move freely through the city....

Кыргызстандын келечегине тынчсызданган чех

Жакында мен Прагадагы кадимки эле дүкөндөрдүн биринде кызыктуу бир адам менен таанышып калдым. Биз жубайым, кызым менен кассага кезекте турганбыз. Артыбызда бир чех аксакал аялы менен турушкан. Көңүл деле бурган эмесмин. Кызымды колума көтөрүп алган элем. Бир жашка да чыга элек Каныкей чоң-атасын эстеп кеттиби, айтор, ал кишиге жылмайып, ойной баштаган... :) Сүйлөшө кеттик. Ал чехиялык журналист болуп чыкты. “Азыр пенсиядамын”, - дейт. Биз Кыргызстандан келгенибизди угуп, туура жарым кылым мурда (!!!) Ысык-Көлгө барганын, кыргыз тоолорун дүйнөдөгү эң кооз деп билээрин айта баштады. Көрсө, бул аксакал Ян Петранек Чехиядагы эң абройлуу ветеран-журналисттердин бири экен. Өлкөдөгү негизги телеканал, радио, гезиттер ага дайыма дүйнөдөгү тигил же бул окуяларды комментарийлеп беришин сурап турушат. 1960-жылдары Чехия мамлекеттик радиосунун СССРдеги, Кытай, Индия, Вьетнам, Ооганстандагы кабарчысы болуп жүрүптүр. “Чыныгы эларалык журналист”, - деп ойлоп калдым. Анан Кыргызстанда жакында апрель...

Майрамыңыздар менен, айымдар!

Вино?

Мен кээде озумо такыр муноздуу эмес темалар боюнча жазгым келип калат. Анан жазам. Башка бир учурларда озумо кызыксыз темалар учун жазууга мажбур болом, кыйналам. Бирок жазам. Бул тема мага кызыктуу, бирок мен учун жаны нерсе болду - вино! Аны ичкенди билгеним менен эксперттин денгээлинде жакшысын начарынан ажырата алчу эмесмин. Томондогу бул макаланы "Азаттык" учун даярдап журуп, вино тандоо боюнча адис болуп калдым окшойт :) Адис болуп калганым макаладан сезилеби? Окуп, угуп коргуло да, оюнарды айткыла. P.S. Айтмакчы, угуш учун ошол беттин он капталын карасанар "Угуу" деген жери бар. Ошол жерден уккула.